Aномалия

Википедия дан

Aномалия медицинада(грекче anomalos - нормадан башкача) - айрым органдын же бүтүндөй дененин өсүп жетилүүсүндө аларга мүнөздүү эмес түзүлүштүн пайда болушу. Aномалияга кээ бир мүчөнүн өспөй калышы, начар жетилиши же өтө өсүп кетиши, эрин, таңдай жырыгы, тубаса жалгыз бөйрөк, жүрөктүн оң жакка жайгашышы, тубаса начар иштеши жана башка кирет. Төрөлгөн миң баланын онунда аномалия кездешет. Aномалияга гендик, механикалык, физикалык, химиялык, радиациялык факторлордун, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгоочу микробдордун түйүлдүккө тийгизген залалы алып келет. Анын оор түрүнө тубаса майыптык кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1