Aнaмоpфоза
Aнaмоpфоза живописте (грекче anamorvsiV - жаңы түзүлүш, форманын өзгөрүшү) - атайын өзгөртүп, укмуштуудай ракурста көрүүчүлөрдөн сүрөттүн кээ бир жерлерин алып салып жашыруу. Ренессанс жана барокко сүрөтчүлөрү кеңири колдонушкан. Адегенде конус жана цилиндр түрүндөгү күзгүлөрдө өзгөргөн сүрөттөр кытай искусствосунда колдонулуп, кийин европалык сүрөтчүлөргө тараган (Ф. Пармиджанино. «Томпок күзгүдөгү автопортрет», 1523-24, Көркөм сүрөт жана тарых музейи, Вена). Aнaмоpфозанын темасы көбүнчө жашырылган образ: мисалы, Кенже Х. Холбейндин «Француз элчилеринин портретинде» (1533, Улуттук галерея, Лондон) бутунун жанында сүйрү буюм бир бурчка багытталган. Көрүүчүгө баш сөөк, башкача айтканда «көңдөй сөөк» сыяктуу көрүнүп, автордун атын каймана көрсөтүүчү белги катары колдонулушу мүмкүн. Айрым учурда укмуштуудай көрүнүштөр байкалат (чиркөөлөрдүн барокко фрескасында) кээде эки образ бирдей алынып, эки башка мотивде чагылдырылат (мис., тоону жана адамдардын баштарын). Анаморфоза Дж. Арчимбольдонун сүрөттөрүндө, С. Далинин чыгармачылыгында, 20-кылымдын искусствосунда кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1