Action-adventure оюну

Википедия дан

Action-adventure оюну — экшн жана кызыктуу окуя элементтерин камтыган видео оюн жанры.

Adventure жанры популярдуулугун жогото баштаганда, "action-adventure" термини кеңири колдонула баштаган. Оюнчулардын арасында "adventure" же "action adventure" терминдерин оюн тактикасын эмес, оюн таандык болгон фантастикалык жанрды сүрөттөш үчүн колдонуу кеңири жайылган.

Action-adventure — гибрид жанр. Ошондуктан аныктамасы да аябай жалпылоочу болуп, видео оюндардагы эң кеңири жанрга айланган болушу ыктымал жана тар жанрлар менен классификациялоо ыңгайлуу болгон көптөгөн оюндарды камтышы мүмкүн. Адатта, таза кызыктуу окуя (pure adventure) оюндары өтө аз же такыр эле иш-аракети (action) жок болуп, оюнчу үчүн абал өзү көйгөйлүү. Эгерде иш-аракет болсо, анда ал негизинен обочолонгон кичи оюндар менен чектелет. Таза экшн оюндар рефлекстерди сынаган анык убакыттагы өз ара аракеттенүүгө негизделген тактикагага ээ. Ошондуктан, action-adventure оюндар зордук-зомбулукту камтыган жана камтыбаган кырдаалдардагы рефлекстерди дагы, көйгөй чечүүнү дагы талап кылат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]