Alphabet Inc.

Википедия дан

Alphabet Inc.Американын эл аралык конгломераты. Ал 2015-жылы 2-октябрда кайра түзүлгөн. Бул Google менен бир нече мурдагы Google'дун туунду уюмдарынын үстүндөгү компания. Google'дун эки негиздөөчүсү жаңы компаниянын башкаруучу кызматтарын аркалашкан: Ларри Пейж башкы директор катары кызмат кылса, Сергей Брин президенттин милдетин алган. Компания Калифорниянын Маунтин Вү жергесинде жайгашкан. 2017-жылга карата анда 75,606дан ашуун кызматкер эмгектенет.

Alphabet'тин куржуну технология, табигый илимдер, капиталдык инвестиция жана изилдөө сыяктуу бир нече өнөр жайларды камтыйт. Анын айрым туунду бөлүмдөрүнө Google, Calico, GV, CapitalG, Verily, Waymo, X, Nest Labs жана Google Fiber кирет. Alphabet'тин айрым туунду бөлүмдөрү Google'дан чыгып кеткенден кийин аталыштары өзгөртүшкөн: Google Ventures GV болуп калса, Google Life Sciences Verily'га айланган, ал эми Google X жөн гана X болуп калган. Кайра түзүлгөндөн кийин Пейж Alphabet'тин башкы директору болуп калса, Сундар Пичай анын ордуна Google'дун башкы директорлугуна келген. Google'дун биржалык үлүштөрү Alphabet'тин биржасына оодарылып, Google'дун мурдагы "GOOG" жана "GOOGL" энбелгилери менен соодага чыккан.

Alphabet'тин түптөлүшүнө Google интернет кызматтар ишмердүүлүгүн "тазараак жана жоопкерчиликтүүрөөк" кылуу ниети түрткү берген. Бул интернет кызматтарына караганда ишкердик менен алектенген топтук компанияларга көбүрөөк өз алдынчалык берет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]