Android Auto

Википедия дан

Android AutoGoogle тарабынан иштелип чыккан инфраструктура. Анын жардамы менен Android түзмөктөгү Android Auto мобилдик колдонмону иштетип, унаанын ичинде пайдаланган учурда колдонуучу интерфейсин камсыздаганга болот. Көбүнесе ал унаанын ичиндеги Android Auto баш түзмөгүнө туташтыргандан кийин колдонулат. Коопсуз айдоо үчүн кол менен башкарбай эле үн буйругу аркылуу колдонуу сунушталса дагы, сенсордук экран жана баскыч менен башкарылган баш түзмөк экөө тең колдоого алынган. Анын функциясы GPS картанын/багыттоонун, музыка ойнотуунун, SMS'тин, телефон колдонуунун жана интернетте издөөнүн үстүнөн башкаруу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.

Android Auto 2014-жылы жарыяланган Open Automotive Alliance биримдигинин бир бөлүгү болуп саналат. Ал 28 автомобил өндүрүүчү компания менен мобилдик технология камсыздоочу Nvidia компаниясынын биргелешкен аракети. Android Auto Google'дын I/O 2014 конференциясында жарыяланып, Android Auto колдонмосу 2015-жылдын 19-мартында жарык көргөн.

Иштөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Android Auto'нун эң кеңири тараган иштөө формасы — бул Android мобилдик түзмөгүндө Android Auto колдонмосунун пайдаланылышы. Ал автомобилдеги бул колдонмо менен иштеген баш түзмөктө малай катары кызмат кылат. Колдонуучунун Android түзмөгү унаага USB кабел аркылуу туташтырылат. Бул Android түзмөктүн тышкы экраны катары баш түзмөктү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Android Auto колдонмосу тарабынан машинага ылайык колдонуучу интерфейсин тартуулайт. Же болбосо, Android Auto колдонмосун Android түзмөгүндөгү бир колдонмо катары, башкача айтканда, машинанын баш түзмөгүнө байлабай эле иштеткенге болот. Бул учурда Android унаа радиолорунда пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, же болбосо жөн эле унаанын ичинде колдонуучунун жеке телефонунан же планшеттен пайдаланууга болот.

Бир нече функциялар колдоого алынган:

  • GPS карта/багыттоо
  • Музыка башкаруу
  • Телефон кызматтары
  • SMS жазуу жана ойнотуу
  • Желеде издөө

Шайкеш келген колдонмолорго Google Maps, Google Play Music, MLB at Bat, Skype, Spotify, Amazon Music, Songza, Stitcher, iHeartRadio, Radioplayer, TuneIn, WhatsApp жана WeChat кирет.

Android Auto программасын иштеп чыгуу шайманы (SDK) жарыкка чыгып, үчүнчү тараптарга Android Auto менен иштеш үчүн өз колдонмолорун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн; API'лер башында музыка жана билдирүү жазышуу колдонмолору үчүн гана жеткиликтүү болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]