AngularJS

Википедия дан
AngularJS
AngularJS logo
Тип

JavaScript, Single-page application Framework

Түзүүчү

Google

Программалоо тили

JavaScript

Биринчи чыгарылышы

2010-10-20

Аппараттык платформасы

Кросс-платформалык

Акыркы үлгүсү

1.6.8 (2017-12-18)

Абалы

Active

Лицензия

MIT License

Сайты

angularjs.org/

AngularJS (Көбүн эсе "Angular.js" же "AngularJS 1.X" аталат) - JavaScript негизинде түзүлгөн веб фреймворк. Түпбулак коду ачык, Гугл, жеке адамдар жана корпорациялар колдоп өнөктүрүп турушат. Бир барактуу тиркемелерди түзүүгө багытталган. JavaScript компоненттери Apache Cordova-нын негизинде кросс-платформалык мобилдик тиркемелерди түзгөнгө негизделген. Максаты - браузердик тиркемелерди MVC-калыбынын негизинде кеңейтүү, тестирлөө жана түзүүнү жеңилдетүү. 2014 жылы башкы AngularJS командасы Angular (Тиркеме платформасы) үстүндө иштеп башташкан.

Фреймворк биринчи HTML баракка колдонуу кошкон тэгдерди окуп иштейт. Ангулар бул атрибуттарды директивдер катары интрпетация кылып барактын бөлүктөрүн кирүүдө же чыгууда моделге катары кадимки JavaScript өзгөрмөлөр катары байлайт. Бул өзгөрмөлөрдүн маанилери кол менен берилип же статикалык же же динамикалык JSON-маалыматтарынан суурулуп чыгат.

AngularJS MEAN stack, MongoDB берилиштер базасы, Express.js веб-тиркеме сервер фреймворку, Angular.js өзү жана Node.js сервер аткаруу чөйрөсүнүн фронтенд бөлүгү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

AngularJS 2009 жылы Мишко Хевери жана Адам Абронс тарабынан Brat Tech LL компаниясында программдык жабдык катары мегабайтталып эсептелген JSON-берилиштери сактоо кызматынын артында корпоратвидик тиркмелереди түзүүнү жеңилдетүү үчүн түзүшкөн. Кызмат «GetAngular.com» доменинде жайгашып жана бир нече катталган колдонуучулар болгон, кийинчерээк бизнес идеясынан баш тартышып Angular китепканасы катара ачык түпбулак коду менен чыгарышкан.

Абронс долбоордон кеткен, бирок Google компаниясында иштеген Хевери долбоорду Google-дун башка кызматкерлери Игорь Минар жана Войт Джин менен биргеликте китепкана катары өнүктүрүп жана колдоп келет.

AngularJS[түзөтүү | булагын түзөтүү]

AngularJS декларативдик программалоо - колдонуучу интерфейсин жана программдык компоненттер үчүн абдан жакшы келет ынанышат, а императивдик программалоо бизнес логиканы түшүндүргөнгө так туура келет. Фреймворк эки тараптуу байлануу маалыматтарын динамикалык контенттке бекитип салттык HTML-ди адаптация кылат жана кеңейтет, а бул болсо автоматтык түрдө моделди синхронизация жана көрүнүшүн иштетет. Жыйынтыгында AngularJS DOM элементтеринин манипуляциясы тесттик мүмкүнчүлүктөрүн жана өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүүсүн так белгилейт.

Түзүү максаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Compu-stubКалып:Software-stub

  • DOM-манипуляциясын тиркеменин логикасына бөлүп, кодддун тестирлөөсүн жогорулатат.
  • Тестирлөөнү түзүүнүн маанилүү бөлүгү катара кароо. Тестирлөөнүн кыйынчылыгы түздөн түз коддун түзүлүшүнө көз каранды.[1][2]
  • Клиенттик жана сервердик тараптарды бөлүү, бул түзүүнү параллель жазууга мүмкүнчүлүк ачат.
  • Түзүүчүнү тиркемени жасоонун бүт жолунда алып баруу: колдонуучунун интерфейсин долбоорлоодон баштап, бизнес логикасын жазып өтүп тестирлөөгө чейин.
  1. Unit Testing
  2. E2E Testing