Cаясий кызыкчылыктар

Википедия дан

Саясий кызыкчылыктар (латын тилинен келген interest – мааниси бар, олуттуу) – социалдык субъекттердин (индивиддер, топтор, катмарлар, таптар) коомдун саясий турмушуна катышууга өздөрүнүн объективдүү мүмкүнчүлүктөрүн аңдап билүүсү; өздөрүнөн абалын турукташтыруу же жакшыртуу максатында ушул субъекттердин саясий-башкаруу ишмердигине карай идеалдуу умтулуусу.
Саясий кызыкчылыктар бир нече негиздери боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
а) алып жүрүүчүлөрү боюнча: улуттук, этникалык, таптык, жамааттык;
б) коомдук өнүгүүнүн агымдарына карата мамилелери боюнча: прогрессивдүү, реакциялык жана башка:
в) кызыкчылыктарды көрсөткөн органдары боюнча: мамлекеттик, партиялык, коомдук уюмдар жана бирикмелер;
г) саясий багыттын мүнөзү боюнча: ашынган солчулдар, солчулцентристтер, центристтер, оңчулцентристтер, оңчулдар, ашынган оңчулдар;
д) саясий режимдин мүнөзү боюнча: тоталитардык, авторитардык, демократтык жана башка. Саясий кызыкчылыктардын өзөгүн саясий бийлик маселеси түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9