Коомдук саясий уюмдар
Коомдук саясий уюмдар Эгемендүү мамлекеттин калыптанышына Кыргызстандагы саясий партиялар, коомдук уюмдар орчундуу салымдарын кошуп келүүдө. Жалгыз КП үстөмдүк кылган учурда айкындуулук болбой, компартиянын багытына каршы чыккандар аеосуз жазаланып, куугунтукталып келген. Өлкө демократиялык жолдон четтеп, буйрукчул-тоталитардык тартипте жашады. 1991-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) расмий каттоодон өттү.
"Кыргызстан" демократиялык кыймылынын курамында 1991-жылы октябрда – Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, 1992-жылы февралда – Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, 1992-жылы ноябрда – Ата Мекен партиясы түзүлдү. Ушул эле жылы – Элдик Республикачыл партия, Кыргызстан коммунисттер партиясы, Агрардык партия, 1993-жылы – Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы, 1991-жылы Биримдик партиясы жана башка коомдук-саясий уюмдар жана партиялар түзүлдү.
1995-жылы партиялардын саны 13кө жеткен.
2000-жылы Кыргызстанда 25 саясий партия расмий каттоодон өттү, мындан сырткары түзүлдү деп жарыяланган, бирок расмий каттоодон өтпөгөн партиялар да бар. Расмий катталган партиялардын айрымдары гана коомдук-саясий турмушка жигердүү катышып, Конституциянын, бир катар маанилүү мыйзамдардын атаандаш долбоорлорун жарыялашты.
2000-жылы 20-февралдагы парламенттик шайлоодо саясий партияларга 15 орун бөлүнгөн. Парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлиги бийликке оппозиция болуп келген Эл (бей-бечаралар), Арнамыс партияларын шайлоого катышууга мыйзам жол бербестигин аныктап берди. Ал эми шайлоого катышууга укук алган Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы соттун чечими менен шайлоодон четтетилди. Натыйжада бөлүнгөн 15 орун үчүн 9 саясий партия ат салышып, шайлоонун жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстан коммунисттер партиясы, андан соң Демократиялык күчтөр биримдиги союзу (Адилет, Социал-демократия, Биримдик партияларынын түзүлгөн союз), Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы, Ооганстан жана башка жергиликтүү согуштарга катышкан жоо-керлердин партиясы, Ата Мекен социалисттик партиясы, Менин өлкөм партиясы 5%тен ашык добушту топтоого жетишип, 15 орунду ичара бөлүп алышты. Мындан сырткары өлкөдө 400гө жакын коомдук уюмдар, 12 коомдук-саясий кыймылдар иш алып барууда.
2000-ж. июнда бийлик өкүлдөрү менен коомдук уюмдардын, саясий партия-лардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ал-гачкы «тегерек үстөл», 2001-жылы февралда «тегерек үстөлдүн» 2-баскычы болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында атайын меморандум кабыл алынып, Кыргызстан демократиялык багыттагы өнүгүүсүн уланта берери бышыкталды. Мындан тышкары өлкөдө уюштуруу жыйынынан узак чыга албаган, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу гана шашылыш түзүлө калган саясий партиялар да бар.
Башка коомдук-саясий, улуттук-маданий жана коомдук уюмдардын ичинен өзгөчө жигердүүлүгү менен Кыргызстан элинин ассамблеясы, Кыргызстан эли коому, Кыргызстан укук коргоо кыймылы, Кыргызстан укук коргоо комитети, Кыргыз-америкалык адам укуктарын коргоо жана мыйзамдуулук бюросу, Кыргызстан аялдар конгресси, немис, орус, украин, беларус, дуңган, корей, өзбек, уйгур, месхет түрк, ферганалык түрк, казак жана башка аз сандагы элдердин улуттук-маданий коомдору, Кыргызстан тарыхчылар коому сыяктуу уюмдар айырмаланышты.
Кыскача адабият тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз тарыхы” / “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”; “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”; Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков. - Бишкек 2003.
- Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
- Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин) // Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2001.
- Жекшеев Жыпар. Атуулдук биримдикке чакырам. — Бишкек, 2003. — 112 6. - ISBN 9967-20-870-8.