C Sharp

Википедия дан

C#и шарп деп айтылат) - объектиге багытталган программалоо тили. 1998-2001-жж. Microsoft компаниясындагы Андрес Хейлсберг башында турган инженерлер тобу тарабынан Microsoft .NET Framework платформасы үчүн колдонмо өнүктүрүү тили катары иштелип чыккан. Кийин ECMA-334 жана ISO/IEC 23270 деп стандартташтырылган.

Си сындуу синтаксистүү тилдер бүлөсүнө кирет. Синтаксиси эң көп С++ жана Java'ныкына окшош. Статикалык типтештирүүгө ээ, полиморфизм, операторлорду кайра жүктөө (көрүнөө жана көмүскө тип келтирүү дагы), делегат, атрибут, окуя, өзгөчөлүк, жалпыланган тип жана метод, итератор, бекитилүүчү аноним иш-милдеттер, LINQ, бөтөнчөлүктөр, XML форматында жорумдар кубатталат.

Өзүнөн мурдагы C++, Pascal, Модула, Smalltalk'тон, өзгөчө Java'дан көп нерсе алган. Булардын колдонулушундагы өзгөчөлүктөр эске алынып, программалык системдерди өнүктүрүүдө көйгөй жараткан айрым моделдер С#'тан чыгарылган. Алсак, С++'тан айырмаланып, C# көптүк класс мурастоону колдобойт (буга катар, интерфейстерди көптүк мурастоого жол берилет).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]