DAX

Википедия дан

DAX (Deutscher Aktienindex) — Германиянын индекстеринин маанилүү фонддорунун бири. Индекс Германиядагы 40 ири акционердик коомдун акцияларынын баасынын капиталдаштыруусунун орточо салмактанып алынган баасы катары эсептелет. DAX британиялык FTSE 100 жана америкалык Доу-Джонс индексинин эквиваленти болуп саналат.

DAX 1988-жылдын 1-июлунда түзүлгөн жана анын баштапкы мааниси 1000 пунктан турган.[1] Индекс Deutsche Börse AG компаниясы менен эсептелет.

2020-жылдын 24-ноябрында Deutsche Börse Германиянын экономикасынын заманбап түзүлүшүн толук чагылдыруу максатында кошумча он компонентке индекстин түзүлүштөрүнүн кеңейтүүсүн жарыялаган. Кеңейтүү 2021-жылдын 3-кварталында ишке ашты.[2]

Индексти эсептөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылдын январынан баштап индекс ар бир соода күнү Борбордук-европалык убакыт боюнча эртең мененки саат 9:06 эсептелет. DAX эсептөөсүндө XETRA электрондук биржасындагы акциялардын баалары колдонулат.[3]

Этьен Ласпейрес формуласына негизделген эсеп үчүн, тандалган листингдик компаниялардып акцияларынын баалары алардын базардык капитализациясына ылайык таразаланат.[4]

Эркин кайрылууда болгон гана акциялар эсепке алынат. Эгер компаниянын капиталы бир нече түрдөгү акцияларга бөлүнсө (мисалы, кадимки акциялар жана артыкчылыгы бар акциялары), жогору өтүүчүлүгү менен акциянын түрү колдонулат.[5]

Тандоо критерийи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылдын сентябрынан баштап компанияларда DAX-га кошулуу укугу бир гана негизги критерийи боюнча - акционердик коомдун базардык капитализациясы менен болот.[6] Стратегиялык инвестордон колунда эмес, эркин кайрылууда болгон бардык акциялардын жалпы баасы эсепке алынат. Мисалы, баалуу кагаздар менен соода активдүүлүгү сыяктуу башка мурунку критерийлер жоюлган.

Кошмуча жаңы катуу шарт киргизилген: DAX 40 талапкерлер эң аз дегенде 2 жыл кирешелүү иштөөсү керек, жана ошондой эле жылдык же жарым жылдык гана эмес белгилүү аудиттен өткөн кварталдык отчеттерду үзгүлтүксүз берип туруусу зарыл.[7]

Эгер акциянын салмагы 10% ашса, ал эми акциянын баасынын 30 күндүк тарыхый өзгөрүлмөлүүлүгү 250% ашса, акция ребалансировканын даталарындагы индекстерден жоюлат.[8]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Looking back on 30 years of DAX. dw.com. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  2. DAX Stock Index. investopedia.com. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  3. Pulse Online: DAX Index Grows to 40 Constituents – Looking at Impact on Market Cap and Liquidity. xetra.com. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  4. DAX. memim.com. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  5. DAX – benchmark and barometer for the German economy. deutsche-boerse.com. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  6. DAX Technical Analysis. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  7. DAX with 40 constituents and additional criteria. boerse-frankfurt.de. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  8. New DAX index rules to strengthen qualification criteria, adopt international standards. qontigo.com. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.