FTSE 100 Index

Википедия дан

FTSE 100 Index (Financial Times Stock Exchange Index, формалдуу эмес Footsie) — Лондон фондулук биржасынын алдыңкы индекси. Financial Times жана Лондон фондулук биржасына таандык көз карандысыз FTSE Group компаниясы тарабынан эсептелет.[1]

1984-жылдын 3-январынан тартып 1000 пункт деңгээлинен баштап эсепетеле баштаган. 1999-ж. 30-декабрында 6950,6 пункт болуп эң жогорку көрсөткүчкө жетти.[2]

Индекстин компоненттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылдын сентябрында өнөр жай товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр сектору индекстеги 11,5% салмагы менен эң ириси, андан кийин 11,3% менен финансылык сектор жана үчүнчү орунда 9,9% менен саламаттыкты сактоо сектору болгон.[3] 10 ири компания индекстин бардык катышуучуларынын жалпы рыноктук капиталдаштыруусунун 41% суммалык салмагына ээ болгон.

Тандоо критерийлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акциялары FTSE 100 индексинин эсебинде эсептелинген компаниялар, FTSE Group тарабынан коюлган шарттарды канааттандырууга тийиш:[4]

  • Лондон фондулук биржасынын тизмесине кирүүгө,
  • FTSE 100 индексинин акцияларынын баасы фунт же евро менен көрсөтүлүүгө тийиш,
  • белгилүү бир мамлекетке тиешелүүлүгү боюнча тесттен өтүшү керек,
  • акциялары эркин жүгүртүлүп жана жогорку ликвиддүү болууга тийиш.

Индекс квартал сайын март, июнь, сентябрь жана декабрдын биринчи жумасында каралат.[5]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Financial Times Stock Exchange Group (FTSE). investopedia.com. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
  2. Why the FTSE 100 has hit a record high. theguardian.com. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
  3. Brokers for Trading Indices Guide. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
  4. FTSE Indices. corporatefinanceinstitute.com. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
  5. MiniFutures FTSE 100. borsaitaliana.it. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.