eBay

Википедия дан

EBay
URL

ebay.com

Ээси

Pierre Omidyar, The Vanguard Group и BlackRock

Автору

Pierre Omidyar

Ачылган күнү

Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

eBay Inc. (/ˈiːˌbeɪ/; ибэй деп айтылат) — керектөөчүдөн-керектөөчүгө жана бизнестен-керектөөчүгө онлайн сатууга көмөк көрсөткөн эл аралык электрондук соода корпорациясы. Анын башкы штабы Калифорниянын Сан-Хосе жергесинде жайгашкан. eBay 1995-жылы Перр Омидяр тарабынан түзүлгөн жана дотком көбүгүндөгү атагы чыккан ийгиликтүү окуя болуп калган. Бүгүнкү күндө ал 30дай өлкөдө иш алып барган мультимиллиарддаган долларлык бизнес болуп саналат.

Компания eBay.com сайтын башкарат. Ал онлайн аукцион жана соода сатык вебсайты. Анда адамдар менен ишканалар дүйнө жүзү боюнча товарлардын кеңири түрүн сатышат жана сатып алышат. Өзүнүн аукцион стилиндеги соодасынан тышкары вебсайтта "Азыр сатып ал" соода-сатыгы; UPC, ISBN аркылуу же башка түрдөгү SKU номери (Half.com аркылуу) менен соода кылуу; онлайн категорияларга бөлүнгөн жарнама (Kijiji же eBay аркылуу); онлайн иш-чара билет соодасы (StubHub аркылуу); жана башка кызматтар киргизилген. Ал буга чейин онлайн акча которууларды (2002-жылдан 2015-жылга чейин eBay толугу менен ээлик кылган PayPal аркылуу) сунуш кылган. Вебсайтты пайдалануу сатып алуучулар үчүн акысыз, бирок сатуучулар буюмдарды тизмектегени үчүн акча төлөшөт жана ошол буюм сатылгандан кийин дагы акы алынат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]