FERRARI TR

Википедия дан
1958 Ferrari 250 Testa Rossa
1961 250 TR Spider Fantuzzi
Ferrari 250 TR V-12 engine

Ferrari TR, же 250 Testa Rossa (итал. кызыл баш), — Ferrari компаниясынын спорт үлгүсүндөгү автоунаасы 1956-жылдан 1961-жылга чейин чыгарылган. Жалпысынан 5 жыл ичинде бул үлгүдө 40 унаа чогултулуп, дүйнөгө тараган. Ferrari үлгүсүндөгү бул унаа, компаниянын эң мыкты унааларынын бири болуп Ле-Ман унаалар жарышында (1958, 1960, 1961) үч, Себринде - төрт жолку жана Буэнос-Айресте эки ирээт жеңишке ээ болгон. 2011-жылдын 20 - баш оона айында Goodings & Company аукционунда 1958-жылы өндүрүлгөн бул үлгүдөгү унаа 16,4 миллион АКШ долларына сатылып, аукциондо сатылган унаалардын эң мыктысы болгон[1].

Өндүрүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 250 Testa Rossa (1956/57) биринчи жолу 1956-жылы жетинин айында өндүрүшкө коюлган. Кнаанын жеңил, алюминийден жасалган сыркы көрүнүшү Pininfarina и Scaglietti компаниясы тарабынан ойлонуп табылып сунушталган. 12-цилиндрлүү V-баскычтуу мотордун көлөмү үч литр болгондуктан, төрт баскычтуу бөлүштүрүү кутусунун жардамы менен мүнөтүнө 7200 жолу айланып туруучу. Жалпысынан коммерциялык багытта 19 даана, ал эми заводдук үлгүдө 2 даана унаа чыгарылган.
  • TR 58 ички түзүлүшү жана сырткы көрүнүшү бир аз өзгөрүлгөн, 4 унаа чыгарылган.
  • TR 59 беш баскычтуу бөлүштүрүү кутусунан турган, 5 унаа чыгарылган.
  • TR 59/60, дөңгөлөк базасы 2350 дөн 2280 мм чейин кыскартылган, алдыңкы шамаал тосуучу айнек кыйла жогоруу болгон, 3 унаа өндүрүлгөн.
  • TRI 60, дөңгөлөк базасы 2250 мм чейин кыскартылган, кыймылдаткыч беш баскычтуу бөлүштүрүү кутусунан турган, 2 унаа чыгарылган.
  • TR 61, сырткы көрүнүшү өзгөргөн, дөңгөлөк базасы 2324 мм түзгөн, 3 унаа өндүрүлгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Auto-stub

  1. Грег Уилсон. Ferrari Auctioned for Record $16.4 Million. nbcbayarea. Текшерилген күнү 11 -сентябрь (аяк оона) 2011.