GenBank

Википедия дан

GenBank – ачык мүмкүндүк алуудагы ДНК жана РНК ырааттуулуктардын маалыматтар базасы, анда бардык жеткиликтүү нуклеин ырааттуулуктар жыйыны жана алардын белокко өзгөртүүлөрү аннотацияланган. Бул маалыматтар базасы Нуклеотиддер ырааттуулугунун маалыматтар базасынын эл аралык кызматташтыгына кирген Биотехнологиялык маалыматтардын улуттук борборундан чыгарылып каралат. Биотехнологиялык маалыматтардын улуттук борбору АКШнын Саламаттык сактоо улуттук институтунуна кирет.

GenBank жана анын кызматкерлери бүткүл дүйнөлүк лабораторияларда 100000 ар түрдүү организмдердерден алынган ырааттуулуктарды кабыл алышат. Маалыматтар базасы 1982-жылы Уолтер Гоад жана Лос-Аламос улуттук лабораториясы тарабынан ачылган. GenBank биология жаатындагы изилдөөлөрдүн эң маанилүү маалыматтар базасы болуп, акыркы жылдары ар бир 18 ай экспоненттик темпи менен эки эсе чоңойду. 2013-жылдын февралында чыгарылган 194чү чыгаруусу 162 миллиондон ашык ырааттуулуктардан алынган 150 миллиарддан ашык нуклеотид негиздерин камтыган. GenBank жеке лабораториялардын түздөн-түз өкүлдөрү жана ырааттуулуктардын ири борборлорунун массалык өкүлдөрү аркылуу түзүлөт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]