Go

Википедия дан

Go (көп учурда Golang) - Google тарабынан иштелип чыккан көп агымдуу компилденүүчү программалоо тили. Go багытындагы алгачкы иштер 2007-жылы сентябрь айында башталган. Долбоор менен Роберт Гризмер, Роб Пайк жана Кен Томпсон алектенишкен. Алар буга чейин Inferno операциондук системи үстүндө иштешкен. Расмий түрдө 2009-жылы ноябрь айында тааныштырылган. Азыркы учурда FreeBSD, OpenBSD, Linux, Mac OS X, Windows операциондук системдери үчүн, 1.3 версиясынан тарта эксперименталдык түрдө DragonFly BSD, Plan 9 жана Solaris үчүн, 1.4 версиясынан тарта Android платформасы үчүн колдоо жүрөт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Google компаниясы тандаган аталыш Д. Ж. МакКейб менен К. Л. Кларк 2003-жылы түзгөн Go! программалоо тилинин аты менен дээрлик окшош. Атынын талкуусу Go'го арналган баракчада жүрөт.

Көздөө багыты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Go тили заманбап үлөштүрүлгөн системдерде жана көп өзөктүү процессорлордо иштөөчү жогорку эффективдүү систем программалоо тили катары иштелип чыккан. Аны Си жана C++'тын ордун алмаштырган тил иштеп чыгуу аракети деп баалоого болот. Иштеп чыгууда жогору эффективдүү компилдөө камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулган. Go менен жазылган программалар объектилик кодго компилденет (чечмелөөчү да жеткиликтүү), аткаруу үчүн виртуал машина зарыл эмес.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]