FreeBSD

Википедия дан
FreeBSD 10.

FreeBSD — эркин жана ачык булак Unix сыяктуу операциондук система. Ал Berkeley Software Distribution (BSD) аркылуу Research Unix'тен чыккан. FreeBSD мыйзамга байланышкан себептерден улам Unix соода белгисин пайдалана албайт. Ал BSD'нин түздөн-түз урпагы болуп эсептелет. Ал мурда "BSD Unix" же "Berkeley Unix" деп аталып келген. FreeBSD'нин биринчи версиясы 1993-жылы жарык көргөн. Бүгүнкү күндө FreeBSD эң кеңири колдонулган ачык булак BSD бөлүштүрүүчү болуп саналат. Ал ачык булак BSD туундуларын иштеткен бардык системалардын төрттөн үчүнөн көбүрөөгүн камтыйт.

FreeBSD Linux менен окшоштуктары бар. Масштабындагы жана лицензиясындагы эки негизги айырмачылык: FreeBSD толук операциондук системаны колдойт, башкача айтканда, долбоор өзөктү, түзмөк драйверлерин, колдонуучу мейкиндик кызматтарын жана документацияларды жеткирип берет. Ал эми Linux'та өзөк менен драйверлер эле жеткирилип, системалык программалар үчүнчү тараптарга таянат. Ошондой эле FreeBSD булак коду Linux тарабынан колдонулган GPL копилефттен айрымаланып, жалпысынан уруксат берүүчү BSD лицензиясынын астында жарык көрөт.

FreeBSD долбоору базалык таратуу боюнча жөнөтүлгөн бардык программаларга көз салган коопсуздук тобун камтыйт. Үчүнчү тараптардын кошумча тиркемелеринин кеңири түрүн pkgng пакет башкаруу системасынын жардамы менен же FreeBSD порттор аркылуу, же болбосо түздөн-түз булак кодун түзүү менен орнотконго болот. Өзүнүн уруксат берүүчү лицензиясына байланыштуу FreeBSD коддорунун көбү башка операциондук системалардын негизги бөлүгү болуп калган. Мисалы, Juniper'дин JUNOS'у, Apple'дин MacOS'у, Nintendo'нун Switch системалык программасы жана ошондой эле Sony'нин PlayStation 3үндө жана PlayStation 4үндө иштеген операциондук системаларды айтканга болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]