Grand Theft Auto III

Википедия дан

Grand Theft Auto III — DMA Design тарабынан иштелип чыккан жана Rockstar Games тарабынан чыгарылган ачык дүйнө, экшн укмуштуу окуя, үчүнчү киши аткан видео оюн. Ал PlayStation 2 үчүн 2001-жылдын 22-октябрында, Microsoft Windows үчүн 2002-жылдын 20-майында жана Xbox үчүн 2003-жылдын 31-октябрында жарыкка чыгарылган. Оюндун кайра курулган версиясы мобилдик платформаларда 2011-жылы, оюндун он жылдык мааракесине карата жарык көргөн. Бул Grand Theft Auto сериясындагы бешинчи оюн жана 1999-жылдагы Grand Theft Auto 2ден берки алгачкы негизги чыгарылыш болуп эсептелет. Нью Йорк шаарына негизделип ойдон чыгарылган Либерти шаарындагы окуяларды чагылдырган оюн Клоддун окуясына жетелейт. Ал өлүм алдында калгандан кийин кескилердин, кылмыш жана жемкорлук дүйнөсүнө тез эле аралашып кеткен болот.

Жарык көрөөрү менен оюн сынчылардын оң баасына татып, айрыкча концепциясы менен оюн тактикасы алкоого алынган. Ошондой болсо да оюндагы зордук-зомбулук жана сексуалдык мазмундун сүрөттөлүшү боюнча сынга кабылып, карама-каршылыктарга жол ачкан. Grand Theft Auto III 17 миллиондон ашуун нускада сатылып, 2001-жылдын бестселлер видео оюну болуп калган. Алтынчы муундагы видео оюндардын эң көрүнүктүүсү болуп эсептелген жана көптөгөн сынчылар тарабынан тарыхтагы эң улуу оюндардын бири деп таанылган Grand Theft Auto III жыл соңундагы сыйлыктарды, анын ичинде бир нече оюн басылмаларынын "Жыл оюну" наамдарын утуп алган. Жарык көргөндөн бери ал көптөгөн оюн платформаларына көчүрүлгөн. Анын мураскери Grand Theft Auto: Vice City 2002-жылдын октябрында жарык көргөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]