Kyrgyz Express Post

Википедия дан
Kyrgyz Express Post логотиби

ЖЧК "Kyrgyz Express Post" (KEP) - Кыргыз Республикасынын дайындалган экинчи почталык оператору.

Жалпы маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын 16-мартынан баштап, KEP Кыргызстандын почта тармагында иштеп баштаган.2012-жылдын 7-декабрында Кыргызстан боюнча дайындалган экинчи почталык оператор статусун алды. Бул расмий статус 2013-жылдын 21-майында Бүткүл дүйнөлүк почталар биримдигинин Эл аралык бюросунун №83-буйругунда бекитилген, муну ВПСтин тиешелүү сайтынан көрө аласыздар.

Азыркы убакта KEP калкка жана юридикалык жактарга почталык ж.б. тейлөөнүн кеңири түрүн көрсөтөт. 2013-жылдын экинчи жарымында эле эл аралык каттарды жөнөтүүдө, каттардын жыйындысы 15000 кг болсо, 2014-жылдын биринчи эле жарым жылдыгында 16000 кг дан ашуун болгон.

Экинчи дайындалган оператор статусун алуу менен KEP төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болду: марка чыгаруу жана өзүнүн почталык жөнөтүүлөрүн франкировкалоо, ошондой эле, филателисттердин кызыкчылыгын канааттандыруу.

Почталык тейлөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юридикалык жактарды тейлөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.1. Тейлөөнүн көп түрлөрү (эл аралык почта карточкаларын, каттарды, бандеролдорду, баасы көрсөтүлгөн жөнөтүүлөрдү, майда баштыкчаларды, "М" каптарын жөнөтүү).

1.2. Кошумча тейлөөлөр:

• Кардардын почталык жөнөтүүсүн анын чакыруусу боюнча кеңседен кабыл алуу;

• Почталык жөнөтүүлөрдү таңгактоо, комплектациалоо;

• Формулярларды толтуруу;

• Жөнөтүүлөрдөгү жарнамалык продукцияларды жер-жерлерге жеткирүү;

• Жөнөтүүлөрдү электрондук көзөмөлгө алып, жыйынтыгын электрондук почта же SMS аркылуу берүү.

• Жөнөтүүчүгө электрондук почта же SMS аркылуу корреспонденциянын жеткендиги тууралуу маалымат берүү.

Жеке жактарды тейлөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2.1. Тейлөөнүн көп түрлөрү (эл аралык почта карточкаларын, каттарды, бандеролдорду ,баасы көрсөтүлгөн жөнөтүүлөрдү, майда баштыкчаларды, "М" каптарын жөнөтүү).

2.2. Кошумча тейлөөлөр:

• Кардардын почталык жөнөтүүсүн анын чакыруусу боюнча үйүндө кабыл алуу;

• Почталык жөнөтүүлөрдү таңгактоо;

• Почталык жөнөтүүгө даректик бланк даярдоо жана жөнөтүүнүн бетине даректи түшүрүү;

• Формулярларды толтуруу;

• Почталык жөнөтүүлөрдү аманат боюнча ишеним катын көрсөткөндөргө берүү;

• Каттарды жөнөткөн дарек боюнча паспортун көрсөткөн адамга берүү;

• Документтерди же алардын көчүрмөсүн соттук-көзөмөлдөө органдарынын токтому аркылуу берүү;

• Жөнөтүүлөрдү электрондук көзөмөлгө алып, жыйынтыгын электрондук почта же SMS аркылуу берүү;

• Жөнөтүүчүгө электрондук почта же SMS аркылуу корреспонденциянын жеткендиги тууралуу маалымат берүү.

Филателия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын 18-ноябрында Kyrgyz Express Post өзүнүн биринчи почта маркаларын колдонууга киргизди. Маркаларды чыгаруу Бүткүл Дүйнөлүк Почта Биримдигинин 140 жылдыгына арналды. Маркаларда Кыргыз почтасынын байланыш тарыхы, тагыраак айтканда, почталык жөнөтүүлөрдү жеткирүү, ташуу каражаттары чагылдырылган.

2014-жылдын 19-ноябрында KEP "Кыргызстандын Фаунасы" аттуу маркалар сериясын колдонууга киргизди. Маркаларда Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн мүнөздүү өкүлдөрү болгон ителгинин, топоздун, Орто-Азия тоо текесинин, ак илбирстин сүрөттөрү чагылдырылган.