Live stream

Википедия дан

Live stream (түз көрсөтүү) — бир эле убакта жаздырылган онлайн медиа агымы жана көрүүчүгө анык убакытта сунушталган берүү. Ал көбүнчө жөн эле агым деп аталат.

Live stream кызматтары коомдук желелерди, видео оюндарды жана секс индустриясы сыяктуу багыттарды өз ичине камтыйт. Facebook Live, Periscope жана 17 сыяктуу колдонмолор пландаштырылган жарнамаларды, таанымал инсандардын иш-чараларын жана ошондой эле колдонуучулар арасындагы түз көрсөтүүлөрдү камтыйт. Twitch.Tv сыяктуу сайттар адамдар видео оюндарды — eSports менен Let's Play'деги оюндар же ылдам чуркоодогудай — ойноп атканын көрүүгө арналган популярдуу каражаттарга айланган. Lifecasting (лайфкастиң) же lifestreaming (лайфстримиң) — чыныгы жашоону Live streamда көрсөтүү иш-аракеттери.

Колдонуучулардын чат бөлмөлөрү аркылуу өз ара алакасы Live streamдын негизги компоненти болуп саналат. Facebook Live жана Periscope дагы түз эфирди алып баргандар менен сүйлөшүү же чатта маектешүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Көрүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн эң мыкты мисалы Twitch Plays Pokémon болуп эсептелет. Анда башкаруучу маалыматка шайкеш келген буйрукту терүү менен көрүүчүлөр Pokémon оюндарын бүтүрүш үчүн кызматташышат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]