Periscope

Википедия дан
Periscope
Тип

Видео системасын социалдык тармагы

Түзүүчү

Twitter, Inc.

Операциялык система

iOS,
Android

Интерфейс тили

англисче

Биринчи чыгарылышы

26 март 2015 жыл

Аппараттык платформасы

Кроссплатформалык

Акыркы үлгүсү

Абалы

Активдүү

Сайты

periscope.tv

Periscope — бул приложения Android жана iOS үчүн ,күнүмдүк жашооңду видео аркылуу түз агылтуучу (жеткерүүчү) программасы. Сервис 2015 жылдын 26 мартынан тартып азыркы күнгө чейин иштөөдө

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перископ деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул суу астында жүрүүчү кеменин ичинен кургактыкка, суу үстүндөгү башка кемелерге көз салчу дүрбү. Перископ 2014-жылдын февраль айында америкалык Кейвон Бейпкур жана анын бир нече жардамчылары тарабынан иштелип чыккан. 2015-жылдын мартында аны Твиттер социалдык тармагы сатып алган. Перископ жер жүзүнүн булуӊ-бурчунда болуп жаткан түрдүү окуяларды түз алып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир карасаӊ Инстаграмдын бир түрүндөй туюлат. Мында деле колдонуучулар жеке жашоосундагы жаӊылыктары, окуялары менен бөлүшөт. Болгону түз байланыш аркылуу. Мисалы, сиз телефонуӊузга Перископту жүктөп, ага катталдыӊыз дейли. Эми сиз кызыктуу инсандардын баракчасына жазыласыз да, алардын Перископтон байланышка чыгышын күтөсүз. Элестетиӊиз, сиз дүйнөнүн бир бурчунда туруп алып эле канадалык ырчы Жастин Бибердин эмне кылып жатканын онлайн режимде көрө аласыз. Ал эле эмес түз байланыш учурунда ага өз сурооӊузду узатып, жооп алсаӊыз да болот. Эми андагы функциялар менен тааныштырабыз.

Кантип колдонобуз?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул программа Андроид, iOS платформасындагы жана Apple үлгүсүндөгү телефондорго ылайыкташтырылган. Жүктөгөндү баарыбыз эле билсек керек. Эми сиз үчүн Перископко саякатка чыгабыз Социалдык тармака сиз твиттердеги аккаунттуңуз же телефон номериңиз аркылуу кирсеңиз болот

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2015-жылдын 26-мартында колдонууга берилди. 4 ай ичинде ага 10 миллион колдонуучу катталып, дүйнөдөгү эӊ тез популярдуу болгон социалдык тармак аталууда.
  • Бул программаны компьютерге да орнотуп алса болот.
  • Жарык көргөн алгачкы айларда колдонуучулар көбүнчө муздаткычтарында эмне бар экенин көрсөтө беришчү.
  • Эгер сиз кайсы бир түз байланышты көрүүгө жетишпей калсаӊыз, аны 24 сааттын ичинде кайталап көрүүгө болот. Себеби ар бир видеонун өмүрүнүн узактыгы 1 сутка гана. «Эмне үчүн видео аз гана убакыт сакталат?» деген суроого Перископту жаратуучулар «колдонуучулар жаӊы видеолорду тез-тез жүктөшсүн деген максатты көздөгөнбүз» деген жоопту узатышкан.
  • Орусиялык колдонуучулардын арасында Эрик Давидыч аттуу блоггер өзүнүн мыйзамсыз унаа жарыштары жүрүп жаткан жерден уюштурган түз байланыштары, аялдар тууралуу айткан акылга сыйбас кептери, деги эле качан болбосун жаӊжалдан башы чыкпаган жүрүш-турушу менен Перископто популярдуу. Анын баракчасына 348 миӊден ашуун колдонуучу жазылып, видеолоруна басылган «жакты» белгисинин саны 9 миллиондон ашкан. Бул социалдык тармакта мындай атактуулук менен Орусиянын эч бир жылдызы мактана албайт.

Ой пикир[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фейсбук социалдык тармагы Инстаграм менен WhatsApp программаларын сатып алып, өз популярдуулугун ого бетер арттырган эле. Сыягы, Твиттердин да кожоюндары атаандаштарынан кем калгысы келбегенби, алар да Инстаграмга теӊ келчү, балким, андан ашып өтчү жаӊы Перископ аттуу программаны колдонуучуларга сунушташты.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]