Microsoft FrontPage

Википедия дан

Microsoft FrontPage - HTML тилинде документти чектөө редактору, ал Microsoft корпорациясы тарабынан иштелип чыккан WYSIWIG (экранда эмне көрсөң, басылганда ошону аласың) техноложисин колдойт. Редактор web-барак жана web-сер-верлерди иштеп чыгуу үчүн өнүккөн графиктик мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошону менен катар эле Интернет-провайдер кызматтары колдонуучуну Microsoft Internet Information Server серверине орнотулуучу айрым кеңейтилиштер менен камсыз кылмайынча колдонуучулар редактордун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүн иште колдоно албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы /Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов ж.б. – Б.: Мамлекеттик тил ж-а энциклопедия борбору, – 2004. 380 б. ISBN 9967-14-014-3