Mitsubishi
Mitsubishi Motors Corporation (三菱自動車工業株式会社, мицубиси дзидо:ся ко:гё: кабусикигайся) — Жапониялык унаа-куруу компаниясы, Mitsubishi Group мультиулуттук конгломераттын курамына кирет. 1970 жылы Mitsubishi Heavy Industries'тин курамынан түзүлүп чыккан. Renault—Nissan—Mitsubishi альянсынын курамында. 2016 жылдан баштап компаниянын 34% Nissan'дын атынан ээленген.
| Mitsubishi Group | |
| | |
| Түрү | |
|---|---|
| Листинг биржада |
TYO: 7211 |
| Негизделген жылы |
1970: 56 жыл мурун |
| Мурдакы аталыштары |
Mitsubishi Goshi Kaisha |
| Негиздөөчүлөрү |
Ятаро Ивасаки |
| Жайгашкан жери | |
| Маанилүү фигуралар |
Кэн Кобаяси |
| Өндүрүшү | |
| Продуктулары |
▼ 1,692,548 унаа (2025) |
| Жеке капитал |
▲ ¥606.97 млрд (2022) |
| Киреше айлануусу |
▲ ¥2.038 трлн (2022) |
| ИИТКИкиге коротуулар |
▲ ¥57.507 млрд (2022) |
| Операциондук киреше |
▲ ¥73.74 млрд (2022) |
| Таза киреше |
▲ ¥74.038 млрд (2022) |
| Активдери |
▲ ¥1.928 трлн (2022) |
| Капиталдаштыруу |
▲ ¥909 млрд (2022) |
| Жумушчуларынын саны |
42 625 (2022) |
| Бөлүмдөрү |
|
| Энелик компания |
|
| Туунду компаниялары | |
| Аудитор |
KPMG |
| Урааны |
англ. Drive your Ambition |
| Сайт | |
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
38 жылдан бери өкүм сүрүп келаткан “Mitsubishi” империясы бүт дүйнөгө кеңири белгилүү. Күнүмдүк турмушта “Мицубиси Ойл”, “Мицубиси Электрик” жана “Мицубиси Моторс” компанияларынын продукцияларына туш болуп эле келебиз. Өз кезегинде автоунаа сүйүүчүлөрүнө аталган концерндин автоунаалары кызык болоору талашсыз.
1870-жылдары Жапонияда узакка созулган феодалдык өзүн-өзү изоляциялоо мезгили аяктаган соң жаш ишкер Ятаро Ивасаки «Tsukomo Shokai» аттуу буу кемелерин иштеп чыгаруучу компаниясын негиздейт. 5 жылдан кийин бул компания “Mitsubishi Mail Steamship Company” (“Мицубиси почта ташуучу буу кемелерди чыгаруучу компаниясы”) деп аталып калган. Ошентип, кийинки компаниялардын негизи болгон “Мицубиси” империясы калыптана баштайт. Дүйнөгө таанымал соода маркасынын логотибинин аталышы, ага негиз салган үйбүлөлөр: Ивасаки жана Яманоучилердин биригишинен пайда болгон. Жапончо “мицу” – “3”, “биси” – “алмаз” дегенди түшүндүрөт. Бул жерде аталган эки үйбүлөнүн тең мөөрүндө үч жалбырак чагылдырылгандыктан, алар түптөгөн ишкана “Үч алмаз” деп аталып калган.
“Үч алмаз” деп аталган компания алгач суу кемелерин чыгара баштаган. Буга Жапониянын жаратылыштык орду да таасирин тийгизбей койгон эмес. Ивасаки үйбүлөсү башкарган жаш компания бара-бара өлкөдөгү ар тараптуу ишканалардын бирине айланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында кеме чыгаруудан башка банк ишмердиги, транспорт кызматы, кен байлыктарды казуу, кыймылсыз мүлк агенттиги, химия өндүрүшү жана башка көптөгөн иштер менен алектенип калган. Компаниянын учурдагы ишкердик духу, коом алдындагы жоопкерчилик жана ишеничтүү унааларды иштеп чыгаруу сапаттары ушул мезгилдерде калыптанган.
Компаниянын автоунаа иштеп чыгаруудагы умтулуулары 1917-жылы өз жемишин берип, Жапониядагы 1-сериялуу жеңил автоунаа “Model-A” маркасы иштелип чыгат. 4 жыл гана чыгарылган бул машина жапон коомчулугунун жогорку баасына татып, 1922-жылы Жапониянын дүйнөлүк көргөзмөсүндө башкы экспонат болот. Ошентип, мындай модель “Мицубисиге” өлкөдөгү негизги автоунаа өндүрүүчү компаниялардын бирине айлануусуна өбөлгө түзгөн.

1931-жыл “Мицубиси” компаниясы үчүн өзгөчө жыл болот. Жапонияда 1-жолу автоунаа үчүн дизелдик кыймылдаткыч пайда болгон. Кийинки жылы компания келечекте үлгүгө айланган өзүнүн 1-автобусу “В56ны” коомчулукка тартуулаган.
1957-жылы “Мицубиси” 1-ири автоунаа экспортун ишке ашырып, Чили өлкөсүн 600 автобус менен камсыз кылган. Ушул сыяктуу операциялар Экинчи дүйнөлүк согушта бүлгүнгө учураган экономиканы көтөрүүгө салым кошпой койгон эмес. Мындай кырдаалга ыңгайлашкан компания узак убакыт сарамжалдуу машиналарды чыгарууну көбөйткөн.
Сатуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Mitsubishi унааларынын сатуу тобу 2018[1] | ||
|---|---|---|
| Орун | Өлкө | Унаа сатуулары |
| 1 | 146,805 | |
| 2 | 139,856 | |
| 3 | 118,075 | |
| 4 | 104,611 | |
| 5 | 84,826 | |
| 6 | 84,560 | |
| 7 | 65,894 | |
| 8 | 52,196 | |
| 9 | 45,391 | |
| 10 | 30,952 | |
Түр-түлүгүнүн тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1960-жылдардан баштап Жапониянын экономикасынын өнүгүшү менен бирге эле калктын кирешеси өсөт. Көпчүлүк автоунаа сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Жеке унаалуу болуу кыялы дээрлик ар бир жапониялыкты унаа сатып алууга түрткөн. Натыйжада, калктын калың катмарына "Mitsubishi 500" машинасы тартууланган. Ал автоспорт боюнча "Макао Гран-Присинде" жеңүүчү аталып, компаниянын жогорку сапатын дагы бир ирет тастыктаган.
Эң көп сатылган унааларынын тобу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 3000 GT
- Aspire
- Diamante
- Eclipse
- FTO
- Galant (VR4)
- GTO
- Lancer Evolution
- Outlander
- Pajero
- Shogun
«ММС»
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Автоунаа чыгаруу кирешелүү бизнеске айлана баштаган чакта 1970-жылы “Мицубисинин” автоунаа чыгаруучу бутагы өз алдынча ишкана болуп, учурдагы “Mitsubishi Motors Corporation” (“MMC”) компаниясы негизделген. Эми “MMCтин” өнүгүшү үчүн илимий-изилдөө жана өндүрүштүк базасы жолго коюлуп, автоунааларды тейлөө кызматына өзгөчө көңүл бурула баштайт. “ММС” дүйнөлүк ири автоөндүрүүчү компаниялардын бири болууга умтулуп, маанилүү эл аралык иш-чараларга демөөрчүлүк кыла баштаган.

“Mitsubishi Motors” бул багытта 1984-жылы Сараеводогу (Югославия) Олимпиаданын башкы автоунаа камсыздоочусу болгон. Ушул жылдары чыгарылган Mitsubishi Pajero жол тандабасы эң ийгиликтүү унаалардын бири болуп саналат. Ал 1983-жылы эң оор жана кооптуу деп эсептелген Париж-Дакар автожарышында марафондо жеңип чыгат. Кийинчерээк көптөгөн өлкөлөрдө “Pajero” бир нече жолу мыкты машина деп табылган. Ошентип, аталган үлгүдөгү машина дүйнөгө атагы чыгып, чыныгы легендага айланган. 2001-2005-жылдары атактуу Париж-Дакар автожарышында катары менен 5 жолу командалык эсепте жеңүүчү аталган. Натыйжада, “ММС” ал мелдештин эң ийгиликтүү компаниясы наамына арзыган.
Бүгүнкү күндө “ММС” дүйнөнүн 32 өлкөсүндө орто эсеп менен жылына 1 миллион 600 миң машина иштеп чыгарат. Анын ири заводдору Францияда, Нидерландыда, Тайландда жана Орусияда ийгиликтүү иш алып барууда. Учурда “Мицубиси” дегенде автосүйүүчүгө 1-кезекте “Pajero” (“Жип”) унаасы жана анын “биртууганы”, “Жип” менен чакан автобусту айкалыштырган “Delica” эске келет. Капчыгы калың, салабаттуулар үчүн “Diamant” жана “Debonair” бар. Ал эми жаштарга “Eclipse”, “GTO” жана “Lancer Evolution” абдан ылайык болоору талашсыз. Ошондой эле “Мицубисинин” үй тиричилигине ыңгайлашкан “Colt”, “Galant”, “Lancer”, “Mirage”, “Chariot”, “RVR-Space Star” жана “L200” бар. Жүк ташуучу машина жана автобустардан “Canter”, “Fuso” жана “Jupiter” баарына белгилүү. Айтор, баары бар.
Дагы көрүңүз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Toyota — жапониялык унаа чыгаруу компаниясы.
- Honda — жапониялык унаа чыгаруу компаниясы.
- Mazda — жапониялык унаа чыгаруу компаниясы.
- Nissan — жапониялык унаа чыгаруу компаниясы.
- Subaru — жапониялык унаа чыгаруу компаниясы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ ALLIANCE MEMBERS ACHIEVE COMBINED SALES OF 10.76 MILLION UNITS IN 2018. Текшерилген күнү 15 -февраль (бирдин айы) 2026. Түп булактан архивделген күнү 9 -ноябрь (жетинин айы) 2020.