NSYNC

Википедия дан

NSYNC (кээ бир учурда *NSYNC же 'N Sync катары стилдештирилет) - 1995-жылы Орландодо (Флорида) түзүлгөн америкалык эркектер тобу Германияда BMG Ariola Munich аркылуу киргизилген. Топтун курамы: Жастин Тимберлейк, Жейси Чейзес, Крис Киркпатрик, Жоуи Фэттоун жана Лэнс Басс. Топтун мурунку менеджери Лу Пирлман менен мурунку Bertelsmann Music Group үндү жаздыруучу фирма белгиси менен эл алдында болгон орчундуу соттук тартыштардан кийин топтун No Strings Attached аталышындагы экинчи альбому бир күн ичинде 1 миллиондон ашык альмому сатылып, бир апта ичинде 2,42 миллион альбому сатылып он беш жылдык рекордту жараткан. Топтун "Bye Bye Bye" (кырг. "Кош бол"), "This I Promise You" (кырг. "Сага сөз берем"), "Girlfriend" (кырг. "Сүйлөшкөн кыз") жана "It's Gonna Be Me" (кырг. "Мен болом") синглдери бир канча улуттук чарттардын эң мыкты 10 синглдерине кирип, акыркысы АКШнын Billboard Hot 100 чартында биринчи орунду ээлеген. "Грэмми" сыйлыгынын аземин алпаруудан тышкары NSYNC Дүйнөлүк сериялар, Супербоул жана Олимп оюндарында ырдап, Элтон Жон, Стиви Уандер, Майкл Жексон, Фил Коллинз, Селин Дион, Aerosmith, Nelly, Лиза Лопес, Мэри Ж. Блайж, кантри музыканын супер тобу Alabama жана Глория Эстафан сыяктуу ырчылар жана топтор менен чогу ырдап, кээ бирөөлөрү менен ыр жаздырган.

2002-жылы NSYNC тобу убактылуу тыныгууга чыкканынан бери эч кандай бир жаңы материал жаздырган жок. Жастин Тимберлейк бир канча мульти ак алтын альбомдорго ээ болуп ийгиликтүү соло артисти болгон. 2007-жылы Лэнс Басс топтун так кесе ажыроосун ырастаган. Чыгармачылык иши бою топ 70 миллиондон ашык альбом сатып тарыхтагы эң көп сатуулары болгон сегизинчи эркек тобу болгон. Rolling Stone журналы топтун өтө тез ийгиликке жетүүсү үчүн аларды "Эң мыкты 25 өспүрүмдөрдүн кумир топторунун күтүлбөс ажыроосу" тизмесине киргизген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]