Nginx

Википедия дан

nginx (engine x — англ. Engine X; кыргызча энжин-экс же энжин-икс деп айтылат) — Unix сымал операциондук системдер менен иштеген веб-сервер жана почта прокси-сервери (FreeBSD, OpenBSD, Linux, Solaris, Mac OS X, AIX жана HP-UX'те сыналган). 0.7.52 версиясынан тарта Microsoft Windows'ко ылайыкталган бинардык тажрыйбалык чогултма чыккан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Игорь Сысоев жумуштарды 2002-жылы баштаган. 2004-жылдын күз айында биринчи жолу жалпыга жеткиликтүү релиз чыккан. 2011-жылдын июль айынан бери nginx үстүндөгү иштер Nginx компаниясынын алкагында жүрүп жатат.

Архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

nginx'те жумуш жараяндарын көптөгөн байланыштар select, epoll (Linux) жана kqueue (FreeBSD) операциондук системинин чакырыктары менен мультиплекстеп, бир учурда тейлейт. Жумуш жараяндары окуяларды иштетүү циклин дескриптордон аткарышат (крңз. Окуяга багытталган программалоо). Кардардан алынган маалыматтар аяккы автоматтын жардамы менен талданат. Талданган сурам ирети менен керектүү тууралоолору кылынган модулдар чынжыры менен иштетилет. Кардарга жооп маалыматтарды эсинде сактаган же файлдын үзүмүнө ишара кылган буферде түзүлөт. Буферлер маалыматтар кардарга өткөрүлчү тартипти аныктаган чынжырлар болуп биригет. Эгер операциондук систем writev жана sendfile сыяктуу эффективдүү киргизүү-чыгаруу операциясын колдосо, nginx аларды мүмкүн болушунача кабыл алат.

Популярдуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Netcraft'тын 2017-жылдын март айындагы маалыматына ылайык, nginx тейлеген сайттардын саны 350 миллиондон ашып, дүйнөдөгү эң таанымал үчүнчү веб-сервер болгон. nginx'тин активдүү сайттардын арасындагы үлүшү 19,67%ды түзөт. Ал бул көрсөткүчү менен Apache веб-серверинен кийинки - экинчи орунда турат.

W3Techs маалыматтарына караганда, nginx'ти көбүнчө эң жүктүү сайттар колдонушат; дүйнөдөгү эң көп баш багылган 100 000 сайттын жарымынан көбүндө колдонулуп, колдонулуш жыштыгы менен биринчи орунда турат;

Орусиянын REG.RU регистраторунун маалыматтарына ылайык, nginx .ru, .рф жана .su домен чөлкөмүндөрүнүн эң популярдуу веб-сервери болуп саналат жана ар бир сегменттин жарымынан көбүн тейлейт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]