Nirvana

Википедия дан

Nirvana – 1987-жылы Абердинде (Вашингтон) ырчы/гитарчы Курт Кобейн жана бас-гитарчы Крист Новоселич түзгөн америкалык рок-тобу. Nirvana тобунун курамында бир канча доолбасчы алмашып, эң туруктуу доолбасчы Дэйв Грол 1990-жылы мүчө болуп кирген. Nirvana жети жылдык чыгармамачылыгы ичинде үч элу толук кандуу студиялык альбом чыгарганынына карабастан алар тарыхтагы эң таасирдүү жана маанилүү альтернатив музыкалык топ болгон. 1994-жылы Кобейндин өлүмүнөн кийин топтун ажыраганына карабастан алардын музыкасы популярдуулугун жоготпой заманбап рок-н-ролл маданиятына таасирин тийгизген.

1980-жылдардын аягында Nirvana 1989-жылы өзүнчө кирешеси бар Sub Pop үндү жаздыруучу фирма белгиси аркылуу Bleach (кырг. Агартуу) аталыштагы биринчи альбомун жаздырып Сиэтл гранж сахнада өзүн көрсөтө билген. Алар динамикалуу контрасттарга таянган, катуу оор хордун жана тынч ырдын ортосунда кездешкен үндү иштеп чыгарышкан. DGC Records менен келишимге кол койгондон кийин Nirvana Nevermind (кырг. Маанилүү эмес) (1991) экинчи альбомунун "Smells Like Teen Spirit" (кырг. "Жаштык элестин жыты") биринчи сингли күтүлбөгөн ийгиликке жеткен. Nirvana тобунун күтүүсүз ийгилиги альтернативдүү роктун кеңири жайылтуусуна өбөлгө түзүп Кобейн МККда "муундун өкүлү" катары эскерилип, Nirvana Х-муундун "башкы тобу" болуп эсептлген. 1993-жылы жаздырылган жана сынчылар тарабынан жагору бааланган In Utero (кырг. Жатын ичинде) үчүнчү альбому чарыктоочу табылып көпчүлүктүн табити болбогон музыкасы үчүн топтун угармандарына чакырык болгон.

Nirvana тобунун жандуу чыгармачылык иши 1994-жылы Кобейндин өлүмү менен аяктады бирок ырчы өлгөндөн кийин ырларынын ар түрдүү жаздыруулары Новоселич, Грол жана Кобейндин жесир калган аялы Кортни Лавдын көзөмөлү астында чыгарылган. Топтун түзүлүшүнөн бери алар АКШда гана 25 миллиондон ашык жана дүйнө жүзү боюнча 75 миллиондон ашык үн жаздырууларын сатып "Эң көп сатуулары болгон топ" болуп эсептелген. 2014-жылдын ичинде Nirvana Рок-н-роллдун атак-даңк музейине киргизилген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Студиялык альбомдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Bleach (1989)
  • Nevermind (1991)
  • In Utero (1993)

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]