Shandong Gold Group

Википедия дан

Shandong Gold Group Шаньдуна провинциясынын өкмөтүнүн алдындагы алтын табуучу мамлекеттик Кытайлык компания. Компания Кытайда алтын таап, өндүрүү боюнча экинчи орунду ээлеп келүүдө, ошондой эле анын ачык жарыяланган туундусу Forbes Global 2000 1998 орунда. [1][2]

Корпоративдик маселелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Shandong Gold Group, Shandong Gold Mining компаниясын ээлеген компания, Шанхайлык фонддук биржасы иш алып барууга укуктуу. 2018 жылдын сентябрь айында жарыяланган макулдашууга ылайык, дүйнөдөгү эң ири алтын таап, өндүрүүчү, Barrick Gold компаниясы менен өз ара байланышты бекемдөө тууралуу түзүлгөн келишимге ылайык бири биринин акцияларына $ 300 миллионго чейин инвестициялоодо жана ошондой эле Barrick Gold компаниясы Shandong Gold компаниясынын акцияларын Шанхайлык фонддук биржасы аркылуу сатып алууда. Кросс – инвестициялык макулдашуу 2017 жылдын апрель айында Barrick Gold компаниясына таандык Аргентинадагы Veladero кен табуучу курулушун Shandong Gold компаниясы 50 % пайызын сатып алгандан кийин келип чыккан. [3] Archived 2019-03-26 at the Wayback Machine [4](жеткиликсиз шилтеме) Шаньдун провинциясынын мамлекеттик ишканасы болгондуктан, компания түздөн түз Шаньдун провинциясынын мамлекеттик башкармалыгынын активдерди башкаруу жана көзөмөлдөө комиссиясы аркылуу көзөмөлдөнөт. Компания алтын табуунун социалдык жана экологиялык стандарттарын жарыялаган жана алтын табууну алдыга сүрөгөн Дүйнөлүк Алтын Кеңеши соодалык мекемесинин мүчөсү.

Ишмердүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички алтын табуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтын табуунун жана изилдөөнүн негизги ишмердүүлүгү мамлекеттин ичинде аткарылат. Шаньдунда [Ички Монголия], Гансу жана Фуцзянь 12 жергиликтүү кен табуучу курулушунда алтын табуунун 6,6 % улуттук өндүрүшүнө келет. ЛайчжоуЧжаоюуань Шаньдун жарым аралы районунда компания эң азынан 382 тонна алтыны бар, болжолу менен 22 миллиард долларлык кендүү жерди тапкандыгы тууралуу 2018 жылдын сентябрь айында ажайып ачылышты жарыялаган. [5]

Эл аралык алтын табуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017 жылдын апрель айында Shandong Gold компаниясы Barrick Gold компаниясына таандык Аргентинадагы Veladero кен табуучу курулушунун 50 % үлүшүн 960 млн АКШ долларына сатып алган, жана ошондой эле Паскуа-Лама кендүү жерди биргеликте изилдөөгө жана өндүргөнгө партнердук келишим түзүлгөн.

Алтынга тиешеси жок, бизнес[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компанияда алтынга тиешеси жок бир нече ишканалар бар, анын ичинде жылтырак металл, туризм жана курулуш. Анын Кытайда жана Гонконгдо финансылык кызмат көрсөткөн туумдуу компаниялары бар (SD Gold Financial Holdings Group и SDG Asset Management (HK) Limited).