Sina Weibo

Википедия дан

Sina Weibo (NASDAQ: WB) -- Кытайдын микроблоггиң (weibo) вебсайты. Ал Кытайдагы эң популярдуу коомдук медиа сайттарынын бири. Интернет колдонуучулардын 30 пайыздан ашууну пайдаланат. Бул Кошмо Штаттардагы Twitter сыяктуу базар үлүшүнө ээ. Ал Sina Corporation тарабынан 2009-жылы 14-августта ишке киргизилип, ал эми 2012-жылдын декабрына карата, 503 млн катталган колдонуучуга ээ болгон. 2015-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына чейин Sina Weibo'нун 222 миллион абоненти жана күнүнө 100 миллион колдонуучусу болгон. Sina Weibo сайтында күн сайын 100 млн билдирүү жазылат.

2014-жылдын март айында Sina Corporation Weibo'нун бутактамасын өзүнчө бир бөлүк катары жар салып, анын БКСин WB деген энбелги менен бекиткен. Sina Weibo'нун 11 пайызын өзүнчө бөлүп алып БКСга чыгарган, ал эми Alibaba БКСнын 32 пайызына ээлик кылган. Компания ачык түрдө 2014-жылы 17-апрелде соода-сатык менен алектене баштаган.

2017-жылдын июнуна карата, Sina Weibo айына 361 миллиондон ашуун активдүү колдонуучуга ээ болгон. 2017-жылдын экинчи чейрегинде жарнама соодасы жана жалпы кирешеси көбөйгөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]