SpaceX

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
SpaceX KSC LC-39A hangar (23791728242).jpg

Space Exploration Technologies Corp., SpaceX катары иш жүргүзгөн космос кемесин куруучу жана космоско жүк ташуучу америкалык жеке компания. Баш кеңсеси Калифорниядагы Хауторн шаарында жайгашкан. SpaceX 2002-ж. Илон Маск тарабынан космоско жүк чыгаруунун баасын кыскартуу жана Марсты колониялаштыруу мүмкүнчүлүгүн жаратуу максатында түзүлгөн.[1]

2018-ж. февраль айына SpaceX көп пайдалануучу Falcon алып чыгуучу ракеталар үй-бүлөсүн жана Dragon космос кемелеринин үй-бүлөсүн ишке киргизгенге жетишти. Учурда экөө тең Жердин орбитасына пайдалуу жүк жеткизип иштеп жатат.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Kenneth Chang. Elon Musk’s Plan: Get Humans to Mars, and Beyond. New York Times (September 27, 2016). Текшерилген күнү 27 Сентябрь (Аяк оона) 2016.