Илон Маск

Википедия дан
Илон Маск
Портрет
Туулган датасы:

28 июнь 1971

Туулган жери:

Претория, ТАР

Жарандыгы:

ТАР, Канада, АКШ

Илон Рив Маск /ˈiːlɒn ˈmʌsk/; 1971-жылы 28-июнь) – түштүк Африкада туулган канадалык-америкалык бизнес-магнат, инвестор, инженер жана ойлоп табуучу.

Маск SpaceX компаниянын негиздөөчүсү, башкы жана техникалык директору; Tesla Inc. компаниянын кош-негиздөөчүсү, башкы инвестору, башкы директору жана өнүмдөр архитектору; OpenAI компаниянын кош-төрагасы; Neuralink компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору. Мындан мурун Маск SolarCity компаниянын кош-негиздөөчүсү жана төрагасы болчу; Zip2 компаниянын кош-негиздөөчүсү жана Confinity компания менен биргелешкен соң аталышы PayPal'га өзгөрүлгөн X.com'дун негиздөөчүсү болгон. 2016-ж. декабрында 2016-жылдын декабрында Маск “Форбс” журналынын “Дүйнөнүн эң таасирдүү инсандары” тизмегинде 21-орунда жайгашкан. 2018-жылдын февраль айынында, Масктын чамалуу накта пайдасы 20,1 миллиард АКШ долларга барабар, ушуну менен ал дүйнөдөгү эң бай инсандардын тизмегинде 53-орунду ээлейт.

Масктын айтканы боюнча, SolarCity, Tesla жана SpaceX'тин максаттары анын дүйнөнү жана адамзатын өзгөртүү көрүүсүнө негизделет. Анын максаттарына глобалдык климаттын жылуулануусун туруктуу кубат өндүрүү жана керектөө аркылуу азайтуу жана "адамзаттын жок болуп кетүү тобокелдигинен "Марс планетасында кишилердин колониясын түзүп, көп планеталык жашоону жаратуу" аркылуу куткаруу да кирет.

Маск өзүнүн негизги бизнес максаттарына менен катар жогорку ылдамдыкта жүргөн Hyperloop транспорт каражат системин ойлоп тапкан жана "Масктын реактивдүү электр учагы" катары таанымал болгон үн ылдамдыгынан ашкан реактивдүү VTOL учагын сунуш кылган.

Ошондой эле Маск 2017-жылы The Boring Company концептин сунуш кылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]