OpenAI

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
OpenAI Logo.svg

OpenAI - сан-франсисколук, жасалма интеллект менен алектенген коммерциялык эмес изилдөөчү компания. Компаниянын максаты - ачык, ак ниет ЖИ өнүктүрүү. Негиздөөчүлөрүнүн бири - PayPal, SpaceX, Tesla Motors долбоорлорунан таанымал ишкер Илон Маск.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Илон Маск жана Сем Алтман (Y Combinator венчурдук фондунун президенти) OpenAI'ды 2015-жылдын аягында ачышкан. Максаттары, мамлекетке же корпорацияга эмес, коомдун жыргалчылыгы үчүн иштеген ачык компания түзүү болгон. Ачыктык ЖИ берген бийликти бир колдо топтоодон оолак болуу үчүн керек болгон. Компания бардык адамдар жана уюмдар менен ачык кызматташып, бардык изилдөөлөрүн жарыялап турууну көздөйт.

Компаниянын негиздөөчүлөрү Илон Маск жана Сем Алтман теңтөрага болушкан.

Максаттары жана милдеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Стивен Хокиң жана Стүарт Рассел сыяктуу окумуштуулар эгер алга илгерилеген ЖИ бир күнү өзүн улам жогорулаган темп менен реконструкциялоо жөндөмүнө ээ болсо, эпке келтирүүгө мүмкүн болбогон "интелект оргуштоосу" адамзатты жок кылат. Илон Маск ЖИти адамзаттын эң чоң экзистенцианалдык коркунучу катары мүнөздөйт. Негиздөөчүлөр OpenAI'ды акционерлерин изилдөө иштерин адамдарга узак мөөнөтүү оң таасир жаратууга топтошсун үчүн каржылык жоопкерчиликке байлабаган коммерциялык эмес уюм катары түзүшкөн.

OpenAI "ЖИ адамдык деңгээлде коомго канчалык пайда алып келерин түшүнүү кыйын" экенин, "ал туура эмес курулуп же туура эмес колдонулуп калса, коомго канчалык зыян алып келерин да түшүнүү кыйын" экенин билдирген. Коопсуздук изилдөөлөрүн да кечиктирүүгө болбойт, анткени, "ЖИнин кандай өнүгөрү анык эмес болгондуктан, ал адамдык деңгээлде качан жеткиргис болорун болжоо кыйын". Ошондой эле, OpenAI билдиргендей, "ЖИ кең жана тегиз бөлүштүрүүгө мүмкүн болгон адамдардын индивидуалдуу каалоолорунун уландысы болушу керек..." ". Теңтөрага Сем Алтман он жылдык долбоор адамдын интелектинен ашып түшөт деп ишенет.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]