TCP/IP

Википедия дан

TCP/IP (Trans-mission Control Protocol/Internet Protocol). Ташууну контролдоо протоколу/интернет протоколу.

TCP/IP моделинин колдонмо деңгээлине OSI моделинин тармактан көз карандысыз үч деңгээли (колдонмо, көрсөтүү жана сеанстык) менен дал келет. OSI модели жана TCP/IP моделинин транспорттук деңгээли, аталышы жана аткарган амалы окшош. OSI моделинин тармак деңгээли TCP/IP моделинин тармак арасы/интернет деңгээли (Internet) менен дал келет. Ал эми, төмөнкү эки деңгээл (каналдык жана физикалык) тармакка жетүү деңгээли (Network Access) катары көрсөтүлгөн.

TCP/IP (Trans-mission Control Protocol/Internet Protocol). Ташууну контролдоо протолу/интернет протоколу төрт деңгээли

  • Application layer -Колдонмо деңгээли;
  • Transport Layer -Транспорттук деңгээл;
  • Internet Layer -Тармак арасы/интернет деңгээли;
  • Network Access Layer -Тармакка жетүү деңгээли

Интернетте кеңири колдонулган тармак протоколдору. Ал ар башка архитектурадагы компьютерлерден өз ара бириктирилген тармакты жана ар башка иштетүү системдерин колдонгон Интернетте кеңири колдонулган тармактык протоколдор тобу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]