USB-флеш-топтогуч

Википедия дан

1 — USB-ажыраткыч;2 — микрокөзөмөлдөгүч; 3 — Көзөмөлдүк чекит; 4 — микросхема флеш-эс тутуму; 5 — кварцевдик резонатор; 6 — светодиод; 7 — Алмаштырып кошуучу «Жазуудан коргоо»; 8 — микросхемалык эс тутум үчүн кошумча жай

USB-Флеш расмий аталышы – USB-флеш-топтогуч. Анын эң негизги кызматы – тийиштүү электрондук материалды (тексттик документ, ыр, кино, сүрөт, ар кандай программалар ж.б.) сактоо, ташуу, аларды алмаштырууда колдонуу. Флешкада материалды сактоодо флеш-эс тутум колдонулат. Анын өзгөчөлүгү – электр энергиясына көз каранды эместигинде, тактап айтсак, кокусунан компьютер өчүп калса да флешкадагы бардык документтер сакталып калат.

Флешкага физикалык мүнөздөмө

  • орточо салмагы 60 грамм
  • эсинин көлөмү 32 мегабайттан 256 гигабайтка чейин жетет.
  • 256 гигабайттык USB-флешка компьютердин эс тутумуна барабар.
  • Ага сапаты мыкты 4 гигабайттык 60 тасма батат.

Азыр адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк ишине жарай турган 2, 4 же 8 гигабайттык флешкаларды көп колдонушат. Андагы маалымат 5 жылга чейин, сапаты жакшыларда 10 жылга чейин сакталат. “Toshiba”, “Samsung”, “Sundisk”, “Kingstone Technology” жана “A-Date” компаниялары флешка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турушат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Флеш-эс тутумду алгачкылардан болуп 1984-жылы “Toshiba” компаниясынын инженери Фудзио Масуоко жасап чыккан. “Флеш” деген аталышты Фудзионун кесиптеши Седзи Ариидзуми койгон. Себеби анын ичиндеги маалыматты өчүрүү, ага фотоаппараттын жарык берүүсүн (flash – англисчеден жарк этүү деп которулат) эстеткен. Алгачкы USB 1.0 үлгүлөрү (маалымат өткөрүү ылдамдыгы жайыраак) өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында пайда боло баштаган. Учурда кеңири жайылган USB 2.0 үлгүсүндөгү (маалымат өткөрүү ылдамдыгы мурункуларына салыштырмалуу тезирээк) флешкалар 2000-жылы чыгарыла баштаган. “XXI кылым – маалыматтын кылымы, ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деген кеп бар. Бул жагынан алып караганда, азыр флешка – күнүмдүк турмушта өтө керектүү буюм. Ал өзүнүн ыңгайлуулугу, механикалык бышыктыгы, иштөө ылдамдыгы, чоң эс тутум көлөмү жана аз энергия сарпташы менен заманбап, санарип технологияларда кеңири колдонулуп келет.

Мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артыкчылыгы

Салмагы жеңил, моюнга илип же чөнтөккө салып алса болот. Үнсүз иштейт. Температуранын кескин алмашуусунан көз каранды эмес. Дисктердей чийилип калбайт.

Кемчилиги

USB байланыштыргычтын иштөө ылдамдыгынан көз каранды. Дисктерге салыштырмалуу электр разрядына жана радиацияга сезимтал келет. Бузулар алдында маалыматты жазуу жана өчүрүү чектелип калат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]