X

Википедия дан

X, x - кыргыз алфавитиндеги жыйырма алтынчы тамга.

Кириллицанын тыбыштан тышкаркы 600 деген сандык маанини билдирген «х» («хер») тамгасынан келип чыккан. Кыргыз төл сөздөрүндө бул тамга колдонулбайт. Ал эми башка тилден кабыл алынган сөздөрдүн тутумунда түпчүл, шыбышчыл, жылчыкчыл үнсүз «х» тыбышын туюнтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4