Жусуп Баласагын: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Робот: преобразование ISBN
49-сап: 49-сап:


1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
ISBN 5–89750-028-2<br>
ISBN 5-89750-028-2<br>
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.<br>
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.<br>



15 ноябрь 2011, саат 15:02 учурдагы нуска

Жусуп Баласагын (Баласагуни), Жусуп Хасс Хажип - 11-кылымда жашаган ойчул, окумуштуу, мамлекеттик ишмер. Ал жалпы түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын бабасы болуп саналат.

Болжол менен 1015-1018-жылдардын ортосунда Чүй боорундагы Баласагун (Баласагын) шаарында туулган. 1070-жылдан кийин өлгөн, бирок качан өлгөнү так эмес.

"Кутадгу билиг" - "Кут билими (же Куттуу бийлик)" аттуу дидиактикалык-философиялык дастанын 1069-1070-жылы Кашкар шаарында жазып бүткөн.

- - - -


(Арапча: يوسف خاصّ حاجب Йусуф Хâс Хажиб)

Мекендешибиз Жусуп Баласагын ким болгон?

Тирүүлөрдүн баарынан Кудай улуу

Бир өзүнө татыктуу урмат кылуу

Жусуп Баласагын.

Орто кылым мезгили чыгыш элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул мезгил ар кандай элдин ар кыл маданияты, руханий мурастары өз ара тогошкон кез болуп, аль-Кинди, аль-Фараби, Ибн Сина, Бируни, Ибн Рушд сыяктуу улуу ойчулдар, философтор жана таланты менен дүйнөнү тамшандырган Фирдауси, Рудаки, Омар Хаям, Алишер Наваи, Жусуп Баласагын өңдүү алп акындардын баалуу эмгектери жазылган мезгил. Ошондой эле орто кылымда күн чыгышта табигый илимдер да өтө өнүгүп, жалпы маданияттын деңгээли ошол мезгилдеги батышка салыштырмалуу алда качан жогору турган. Атап айтсак аль-Ферганинин “Астрономиянын башталмасы”, аль-Хорезминин “Астрономиялык таблицалар” аттуу чыгармалары жана жогоруда аты аталган окумуштуу, философтордун табият таануу тармагында жазган эмгектери орто кылымдагы күн чыгыш элдеринин гүлдөп өнүккөн маданиятынан жар салып кабар берет. Айрыкча Ибн Синанын “Медицина канондору” деген көп томдуу эмгеги бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпостон медицина жаатында жалпы адамзат үчүн шам чырак болуп келет. Күн чыгыш Ренессансы арап, перс жана түрк элдеринин орток мурасы деп билүүбүз зарыл. Ошондуктан атактуу улуу ойчул, окумуштуу инсандарды тигил же бул эл менен гана байланыштырып, аларга таандык катары кароо жаңылыштык. Ырас, тарыхый шарт-кырдаалдарга жараша көпчүлүк эмгектер арап тилинде жазылган. Бирок перс жана түрк тилдеринде жазылган мазмуну жагынан энциклопедиялык эмгектер да жок эмес. Алардын ичинен алып карасак түрк элдери, жалпы дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүнө өздөрүнүн чыгармалары аркылуу опол тоодой чоң салымдарын кошушкан аль-Фараби, Бируни, Махмуд Кашкари жана Жусуп Баласагын өңдүү алдыңкы көз караштагы улуу ойчулдары менен ар убак сыймыктана алат. Мына ушундай киришүүдөн кийин сөз кезеги күн чыгыш ренессансынын ири өкүлдөрүнүн бири-Жусуп Хас Хажиб Баласагын жана анын Кутадгу билиг (“Кут алчу билим”) атуу уникалдуу дидактикалык поэмасы тууралуу болмокчу. Анда эмесе сөз учугун алгач Жусуп Баласагындын өмүр баянын тааныштыруу менен баштасак. Негизинен ал тууралуу жетишээрлик так маалыматтар болбосо да, биз анын “Кутадгу билиг” эмгегине кийинчерээк проза жана поэзия түрүндө кошумчаланып жазылган кириш сөздөргө, ошондой эле аталган эмгегинде өзү тууралуу айрым эскерген ыр саптарга таяна турган болсок ал, 1017-1019-жылдар арасында Баласагун шаарында төрөлгөн. Ал эми Баласагун шаары азыркы Кыргызстандын Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар болуп, Караханиддер дөөлөтүнүн (960-1212) борбору болгон. Баласагун шаары тууралуу биринчи маалыматты бизге берген арап автору аль-Мукаддасинин (10-к) айтуусу боюнча бул шаар башка шаарлардан чоңдугу жана калкынын көптүгү менен айырмаланып турган. Ошондой эле В. В. Бартольд менен А. Н. Бернштам жана илимпоздордун бир тобу тарыхый жазуу маалыматтарга жана археологиялык табылгаларга таянышып, байыркы Баласагун шаарын азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурананын аймагында болгон деген тыянакка келишкен. Жалпы эле Орто Азия элдеринин улуу акыны, илимпоз, ойчул Ж. Баласагын коомдук жана табият таануу илимдеринен маалыматы бар билимдүү инсан болгон. Ал баштапкы билимин өзү туулуп өскөн Баласагун шаарынан алган. Ал эми жогорку билимин башка окумуштуулар сыяктуу эле ал да ошол мезгилдеги бардык түрк элдеринин маданий борбору болуп турган Кашкар шаарындагы Сажиййа медрессесинен алган. Ж. Баласагын арап, перс тилдерин өтө терең өздөштүрүп, философиялык мүнөздөгү илимий эмгектер менен кенен таанышуунун негизинде системалуу түрдө ар тараптуу билимге ээ боло алган. Өз мезгилинин билимдүү инсаны катары, ал философия жана теология илими, о.э. поэзия, саясат, шахмат искусствосу боюнча терең маалыматтарга да ээ болгон. Ал булар менен эле тим болбостон астрономия, геометрия, арифметика ж.б. табият таануу илимдерин жакшы өздөштүрүүнүн натыйжасында тез эле эл оозуна алынып, өз доорунун эң алдыңкы адамы катары коомчулукка белгилүү болгон. Жусуп өзүнүн атактуу “Кутадгу билиг” поэмасын 1069-1070-жылдардын аралыгында элүү жаштан өтүп калган кезинде бир жарым жылдын ичинде Баласагун шаарында жазып, Кашкарда бүтүргөн. Көлөмү 6645 ыр сабынан турган бул чыгармасын ал Караханиддер дөөлөтүнүн улуу каганы Сулайман Арслан Хакан оглу Тавгач Улуг Бугра-ханга тартуулап, ал үчүн “Хас Хажиб” деген жогорку, мындайча айтканда, хан сарайындагы өзгөчө даанышман, кеңешчи “улук көсөм” наамына ээ болгон. Айрым окумуштуулар Ж. Баласагындын мындан башка да “Сиясатнаама” (“Саясат Таануу”) жана “Кабуснаама” (“Энциклопедиялык китепче”) деген эмгектери болгон дешет. Бирок ойчулдун бул аталган чыгармалары тилекке каршы бизге келип жеткен эмес. Окумуштуу илимпоз жердешибиздин канча жашта дүйнөдөн кайткандыгы так билинбесе да, өзү тууралуу эскерген айрым ыр саптарга таяна турган болсок анын пайгамбар жашынан өтүп узун өмүр сүргөндүгүн айтууга болот. Анын сөөгү Кашкар шаарынын түштүгүндөгү Пайнап деген жерге коюлган. Кытайда болуп өткөн маданий революциянын мезгилинде Баласагындын күмбөзү хунвейбиндер тарабынан талкаланып, болгону анын сүрөттөрү гана калган. Азыркы кезде улуу акындын күмбөзү кайрадан оңдоп-түздөлүп өз калыбына келтирилген. Ошондой эле жакында дүйнөлүк коомчулук чыгаан ойчулдун туулгандыгынын 975 жылдык маарекесин Пекинде жана Бишкек шаарында белгиледи. Жогоруда сөз башында айтылып өткөндөй орто кылым мезгили өзүнүн социалдык-саясий жана идеялык мазмуну боюнча, адатта айтылып жүргөндөй, Орто Азия ренессансынын мезгили болуп саналат. Бул мезгилде табигый жана коомдук илимдер менен кошо айрыкча адабият жана поэзия өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Ж. Баласагын да бул мезгилде өзүнүн бир сырдуу, көп кырдуу улуу “Кутадгу билиг” деген чыгармасын жазып, анда поэзиянын көркөм каражаттарын пайдалануу аркылуу татаал философиялык маселелерди колго алган. Деги эле чыныгы поэзия өзүнүн табияты боюнча философияга өтө жакын келет эмеспи. Акын Жусуп да окумуштуу, философ, теолог жана коомдук ишмер катары өзүнүн “Кутадгу билиг” поэмасында жалпы философиялык, теологиялык, социалдык, юридикалык, саясий, этика жана эстетикалык маселелерди иштеп чыккан. Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам ойчулдун сөз болуп жаткан эмгеги жөнөкөй эле дидактикалык поэма болуп калбастан, ошол эле учурда табигый жана гуманитардык илимдердин көптөгөн тармактарын камтыган маанилүү булак болуп эсептелет. Ошондой эле ал жалпы түрк элдеринин маданий мурастарындагы эң мыкты адабий эстеликтердин бири. Керек болсо аны дүйнөлүк маданияттагы өзгөчө кубулуш катары бааласак да аша чапкандык болбос. Ж. Баласагындын бул эмгегинин дагы бир өзгөчөлүгү – анын түрк тилиндеги алгачкы энциклопедиялык чыгармалардын бири болгондугунда. Ойчулдун бул эмгегин өз эне тилинде жазышы бизге түрк тилинин байлыгын, ички мүмкүнчүлүгүн жана анын түпкү маңызын ачып бермекчи. Эл менен тилдин тагдыры бири-бирине туташ болуп, тил жана анын түзүлүшү элдин ой жүгүртүү өзгөчөлүгү менен тыгыз байланышта. Тил жандуу кубулуш катары өсүп-өнүгүп, акыл-эс улам жогорулаган сайын тил да татаалданып, анын мүмкүнчүлүгү артмакчы. Демек, “Кутадгу билиг” түрк элдеринин тили, ой жүгүртүү жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн өсүшү үчүн кызмат өтөгөн көрөңгөлүү эмгек. Автордун “Кутадгу билиг” эмгегине бүгүнкү күнгө чейин илим адамдары жүздөгөн илимий эмгектер жазышып, аны ар тараптан терең изилдеп, өздөрүнүн ар кандай көз караш, ой-пикир жана жеке бааларын берип келет. Мисал берип кете турган болсок, аталган эмгекти ар ким өз терезесинен калчап-карап баалагандыктан, анын бир эле атынын аталышы туурасында ага бир канча аттар беришкен. Алсак “Бактылуу болуунун билими”, “Кут табуу илими”, “Бакыт табуу илими”, “Кут алчу илим”, “Саясий күчкө ээ болуу кудурети”, “Бакытка алып барчу илим”, “Падышаларга ылайык илим”, “Эгедерлик билими”, “Саясий ээлик билими”, “Мамлекет болуунун билими”, “Мамлекетүү болуунун билими”, “Бактылуу болууну айткан илим”, “Мамлекеттүүлүкө жетүүнүн билими” жана “Дөөлөткө жетүүнүн билими” сыяктуу маанилерди беришкен. Биз колго алып жаткан “Кутадгу билигдин” бири-биринен аздыр көптүр айырмаланган үч варианты бар: Герат, Каир жана Намангандан табылган Ташкент кол жазмалары. Герат кол жазмасы Г. Вамбери тарабынан алгач ирет Венада жарык көрүп, аны кийинчерээк академик В. В. Радлов 1900-ж. 1-томун, ал эми 1910-ж. 2-томун немец тилине которгон. Айтылып өткөн үч кол жазмалардын экөө (Каир, Наманган) арап тамгасы менен, ал эми бири (Герат) уйгур тамгасы менен жазылган. Булардын ичинен 1913-ж. Намангандан табылган арап алфавити менен жазылган кол жазма эң толугу жана туурасы болуп, мезгил сыноолоруна туруштук берип, бурмаланбастан бизге жетип келгендиктен окумуштуулар аны үч түп нусканын эң дурусу деп баа беришкен. Буга чейин Жусуп ойчулдун залкар чыгармасы жазылган мезгил, эмгектин өзгөчөлүктөрү жана анын маани-маңызы туурасында кеп салып, окурмандарыбызга жалпы маалымат берүүнү көздөгөн болсок эми анын асыл баалуу поэмасынан кээ бир үзүндүлөрдү келтирүүнүн негизинде акылмандын айрым философиялык кайрыктарынан мисал берүүнү туура таптык. Айталы, Ж. Баласагындын акыл-насаат, дидактикалык маанидеги бул чыгармасында адеп-ахлак, нарк-насил проблемалары иликтөөгө алынып, адам баласынын тулку-турпаты менен рухий жан дүйнөсүнүн, айткан кеп сөзү менен кылган ишинин бири-бирине дал келиши коомдук өнүгүштүн зарыл шарты катары көрсөтүлөт. Ал эми илим-билим туурасында жердешибиз: “Билим - деңиз түбү да жок, чеги жок, канча сузсаң азайбайт, толо берет” - дейт. Ошондой эле ойчул: “Билим - бул ыймандуулук деген көз карашын айтат. Билим жана акыл-эс инсандын айкөл жана адилеттүү болушуна жардам берет, инсандар илимий билимдерге ээ болуу менен руханий жана ыймандык жактан өздөрүн өстүрөт” - дейт акын. Айрыкча анын: “Бардык ырахаттуулук - илимде, улуулук - таанып билүүдө” - деген сөзү өтө таасын айтылган. Улуу көсөм ойчул жаштарды тарбиялоонун жана билим берүүнүн эң башкы милдети, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөгөн, мамлекетке берилип жанын үрөгөн патриот адамды даярдоо деп эсептейт. Бул туурасында ал: “Өзүңдүн кызыкчылыгыңды эмес, элдикин көздө, Жашоонун ырахаты дайыма сенде” - деп жазат. Ошонтип, Ж. Баласагындын өмүр-таржымалы, “Кутадгу билиг” поэмасы жана анын айрым философиялык кайрыктары туурасында азыноолак маалымат берүүнү максат кылган макалабызды жыйынтыктап жатып, жердешибиз өзүнүн чыгармачылык гениалдуулугу менен дүйнөлүк илим жана маданияттын өнүгүшүнө өзүнүн өзгөчө салымын кошкондугун айта алабыз. Ошону менен бирге Баласагын евроцентристердин “батыш гана цивилизациянын жана маданияттын негизин түзгөн жана анда алардын көөнөрбөс байлыктары жатат” деген өңдүү чындыкка коошпогон көз караштарын жокко чыгаргандыгын белгилеп кетмекчибиз.

Шилтемелер

Макаланын автору: Кенжебек Чыйбылов

Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.