Аверроэс

Википедия дан
Colliget

Ибн Рушд (Аверроэс)(1126—1198) — араб тилдүү аристотелизмдин өнүгүшүн аяктоочу араб философу. Ал араб мамлекетинин четки Батышында — азыркы Испания менен Түндүк Африканын аймагында өнүгүүгө ээ болгон философиянын өкүлү. Ибн Рушд Кордоводо төрөлүп, өзүнөн кийин өтө көп адабий мурас, барынан мурда философиялык мурас калтырган. Ал энциклопедиялык билимдүү адам болгон. Ал негизинен өзү өтө жогору баалаган Аристотелдин чыгармаларына берген кооментарийлери менен атагы чыккан. Бул үчүн ал «комментатор» деген атка конгон. Ал жөнүндө: «Аристотель жаратылышты түшүндүрдү, ал эми Ибн Рушд — Аристотелди түшүндүрдү» деп айтышкан. Комментарийлерден башка да Ибн Рушд каралып жаткан маселелер боюнча оз көз караштарын да берген. Ибн Рушд коп чыгармаларды жазган, алардын ичинен көбүрөөк белгилүүсү — «Төгүндөөнү төгүндөө». Бул эмгек аль-Газалинин «Философторду төгүндөөсүнө» жооп болгон. Мында Аверроэс философия менен диндин өз ара катышын карап чыгат.

Ал философия менен дин өзүлөрүнүн ой жүгүртүүлөрүнүн багыты боюнча ото окшош экендигин көрсөтөт. «Философия — диндин жолдошу жана эмчектеш карындашы... Алар жаратылышы боюнча жолдоштор, маңызы жана тубаса жакындыгы (шыгы) боюнча достор» (Цитата төмөнкү эмгектен келтирилди: Сагадеев А.В. Ибн Рушд. М., 1973. 198-6.). Философиянын да, диндин да изилдөөсүнүн предмети Кудай, бирок ал жөнүндө алар таптакыр эки башка усул менен ой жүгүртүшөт. Эгерде дин Кудан жөнүндө Курандагы образдуулукту пайдаланып, корком сөздөр менен ой жүгүртсө, философия далилдөө жолун, б.а. көбүрөөк адекваттуу жолду пайдаланат. Бирок, бул дин менен философиянын ортосунда карама-каршылык бар дегендикти билдирбейт. Жон гана дин Куранда берилген сөзмө сөз маанини таанып-билет, ал эми философия болсо Курандын текстинин ички маңызын таанып-билет. Философия акыйкатка ыйык тексттерди аллегориялык түрдө талкуулоо жолу менен жетишет. Ибн Рушдка рационализм мүнөздүү болсо да ал Абелярга окшоп бардык диний догматтарды философиялык жактан негиздөөгө умтулбастан, дүйнөгө жана адамга тиешеси бар жалпы жоболорду гана философиялык негиздөөгө умтулган. Ибн Рушд ошондой эле бүткүл орто кылым мезгили үчүн борбордук маселе болгон бытье маселесин: дүйнө түбөлүк жашап келгенби же аны Кудай жаратканбы деген маселени да карап чыгат.

Ибн Рушдтун көз карашы боюнча материалдык дүйнө түбөлүктүү болуп келген, Кудай да түбөлүктүү нерсе, бирок ал дүйнөнү жараткан эмес. Дүйнөнүн пайда болушунун креационисттик концепциясын четке кагуу менен Ибн Рушд Кудайды биринчи кыймылдаткыч кагары караган аристотелдик түшүнүктөн баш тартпайт. Ал ошондой эле Кудайга караганда төмөн турган жана асман чөйрөлөрүн кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн пайда болушун түшүндүргөн платондук эманацияны да тааныйт. Бытьенин түпкү себеби — Кудай, ал иерархиянын эң чокусунда турат жана ал өзүнөн өзү ой жүгүртө турган ойлом болуп эсептелинет. Материя формалардын туруктуу мүмкүнчүлүгү катарында жашайт, формалар болсо материядан пайда болот: материя менен форма, Аверроэс үчүн бөлүнгүс нерселер жана алар бир бүтүндүктү түзөт. Индивидуалдуу жандар (души) түбөлүктүү эмес, анткени алар дене менен кошо өлөт. Ибн Рушдтун этикасы, адам жакшылыктарды өзүн тиги дүйнөдө Тозок күтүп турганына же Бейиш күтүп турганына карабастан өзү туткан жобого ылайык өзү жаратат деген окууга негизделет.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]