Баальбек

Википедия дан

БаальбекЛивандын түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 30,9 миң киши (2005). Антиливан кырка тоолорунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1117 м бийиктикте жайгашкан. Алгач биздин заманга чейинки 14-кылымда эскерилет. Баал кудайына (Финикия, Палестина, Сирия, кийин Египет, Грекияга жана башка тараган түшүмдүүлүктүн, суунун, согуштун кудайы) тайынуу борбору катары белгилүү. Птоломейдин тушунда шаар күн кудайы Гелиостун атынан Гелиполь, 16-кылымдан Юлий Август Феликс Гелиополитан Колониясы деп аталган. 1898-1905-ж. О. Пухштейн жетектеген немец экспедициясы археологиялык казууларды жүргүзгөн. Театр, ипподром, храмдардын комплексинин калдыктары табылган, андан ичкери өзгөчө Вакх храмы жакшы сакталган. Ошондой эле Венера, Юпитер жана башка храмдары бар. 637-ж. Баальбтк арабдар тарабынан басылып алынган. 13-кылымда ал аймак чепке айландырылып, чыгыш тарабына мечит жана мунара салынган. 1956-жылдан ал шаарда Эл аралык музыка-театрдык фестиваль өткөрүлүп турат. Баальбтктуризм борборлорунун бири. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]