Бремен
Көрүнүш
Бремен – Германиядагы шаар. Бремен жеринин (администрациялык-аймактык бирдик) – администрациялык борбору. Калкы 548 миң (2006). Везер дарыясынын төмөнкү агымындагы деңиз порту (жылына 20 млн тоннага жакын жүк ташылат). Машина куруу (анын ичинде кеме жана авиакуруу), тамак-аш, металлургия, химиялык, жыгаччылык өнөр жайы, университет, музей бар. 8-кылымдын аягынан белгилүү. Кылымдын орто ченинде Ганза өлкөсүнүн негизги шаарларынын бири болгон. 1646-жылдан эркин империя шаары, 1815–1933-ж. эркин шаар. Роман-готика стилиндеги сепилдер (11–16-кылым) сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4