Ганза

Википедия дан

Ганза (нем. Hanse — союз, шериктештик) — немец жеринин түндүгүндөгү шаарлардын 14—16-к-дагы соода союзу.

Борбору Любек ш. болгон. Г. 14-к-дын 2-жарымы—15-кылымдын башында гүлдөп турган. Ага 100гө жакын шаар кирген. Ганза Европанын батышы менен борборунда текстиль ж-a тоо-кен өндүрүшүнүн жогорулашына түрткү берген, бирок Чыгыш Европада ушул тармактардын өнүгүшүн кечеңдетип, жерг. көпөстөрдүн соодасына жолто кылган. Англия, Россия ж. б. өлкөлөрдө улуттук экономиканын өнүтүшү (15—16-к.) ал өлкөлөр менен Ганзанын карама-каршылыгьга күчөткөн. Ганза 15- кылымда Россияда, 16-кылымдын ортосунда Голландияда, Англияда, Францияда күчүн жоготкон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.