Владимир-суздаль княздыгы

Википедия дан

Владимир-суздаль княздыгы - 10—13-кылымда Ока жанa Волга дарыялары аралыгындагы Түндүк-Чыгыш Рустун ири мамлекеттик бирикмеси.

10-кылымда көчүп келген орус уруулары бул аймакты мекендеген фин-угор урууларын өзүнө сиңирет. Феодалдашуу кезинде (10—11-к.) Ростов, Суздаль, Яро­славль, Муром, Белозерск шаарлары өсүп чыгат. Аймак соода тоомунда тургандыктан орус көпөстөрү башка орус жерлери, о. эле Византия, Батыш Европа жанa Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.