Мазмунга өтүү

Герман фон Гельмгольц

Википедия дан

Гельмгольц, Герман Людвиг Фер­динанд (31. 8. 1821, Потсдам —8. 9. 1894, Берлин) — немец физиги, мате­матик, физиолог жана психолог.

Берлиндеги Аскер-мед. ин-тта окуган. 1888-жылдан Берлиндеги физ.-тех. институнун директору.

Гельмгольц 1847-ж. «Күчтүн сакталышы жөнүндө» деген эмгегинде биринчи болуп энергиянын сакталуу законун матем. жактан негиздеген. 1882-ж. термодинамиканын экинчи негизин хим. процесстерди үйрөнүүгө ылайыкташкан формата келтирип, эркин энергия (Гельмгольц энергиясы) деген түшүнүктү киргизген.

1858-ж. суюктуктун куюн түрүндөгү кыймыл теориясына негиз салган. Аэродинамиканын өсүшүндө Гельмгольцтун үзгүлтүктүү кыймылдын теориясы (1868) жөнүндөгү эмгеги чон роль ойноду.

Гельмгольцтун электромагнетизм, оптика жанa акустика боюнча эмгектеринин копчүлүгү анын физик. изилдөөлөрү менен байланыштуу. Гельмгольцтун физиология б-ча эмгектери нерв жанa булчун системаларын изилдөөгө арналган. Ал булчундарда жылуулуктуп пайда болушун байкап, андагы жылуулук алмашууну өлчөп көргөн (1845—47), о. эле булчулдун кыскаруу процесстерин изилдеген (1850—54).

Гельмгольц геом. аксиомалар тажрыйбадан чыга турганын айткан.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.