Гидростатика

Википедия дан

Гидростатика (гидро... жана статика) ― гидроаэромеханиканын суюктуктардын тең салмактуулугун жана суюктук куюлган идиш беттерине, тынч турган суюктукка чөгөрүлгөн нерсеге болгон аракетин изилдөөчү бөлүмү. Гидростатиканын негизги маселеси суюктуктагы басымдын бөлүштүрүлүшүн изилдөө. Анын негизги мыйзамдарынын бири суюктукка же газга матырылган нерсеге аракет эткен түртүү (мисалы, суу астындагы кеменин капталына жана түбүнө) күчүнүн чоңдугун аныктоочу Архимед мыйзамы. Мыйзамдын негизинде кеменин сүзүшү жана сууга матырылышы каралат. Гидравликалык пресс, гидравликалык аккумулятор, суюктук манометри, сифон ж. б. машиналар менен приборлор гидростатика мыйзамдарынын бири Паскаль мыйзамына негизделип иштейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4