Гусли

Википедия дан
Гусли

Гусли - орус элинин музыкалык чертме аспабы.

Гусли канат жана туулга сымал Формада жасалат. Биринчисине 5тен 14кө чейин, экинчисинде 10дон 30га чейин кыл тагылат.

Экөө тең диатоникалык гамма добушунда күүлөнүп, эки колдун манжалары менен терилип чертилет. Гусли менен ыр. бий коштолуи, күүлөр аткарылат.
Ар кайсы элдердо Гусли ар түрдүүчө аталат: мисалы, эстондордо — каннеть, латыштарда — кокле, литвалыктарда — канклес.

Азыркы убакта Гуслинин техника жактан өркүндөтүгөн түрлөрү орус эл аспаптар оркестринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]