Мазмунга өтүү

Жарлык

Википедия дан

ЖарлыкКРде жана биркатар башка мамлекеттерде мамлекет башчысы (президент) чыгарган абдан маанилүү актылардын аталышы. Ж. менен жогорку кызмат адамдарын дайындоо жана кызматтарынан бошотуу, өзгөчө же согуштук абалды киргизүү, мамлекеттик ордендер жана медалдар менен сыйлоо, жогорку аскер чиндерин жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жүргүзүлөт, жалпы ченемдик мүнөздөгү чечимдер жолжоболоштурулат. Жалпы эрежеге ылайык, Ж. ошол мамлекеттин конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбөөсү тийиш. Батыш өлкөлөрүндө Ж. сыяктуу окшош актылар (АКШда аткарылуучу көрсөтмөлөр) декреттер деп аталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]