Кен Кизи

Википедия дан

Кеннет Элтон "Кен" Кизи (англ. Kenneth Elton "Ken" Kesey; 1935-жыл 17-сентябрь — 2001-жыл 10-ноябрь) — америкалык роман жазуучу, дилбаянчы жана контр маданиятчы болгон. Ал өзүн 1950-жылдардагы Бит мууну менен 1960-жылдардагы хиппилердин ортосундагы байланыш деп эсептеген.

Кизи Колорадонун Ла Хунта жергесинде жарык дүйнөгө келип, Орегондун Сприңфилд жергесинде чоңоюп өскөн. Ал 1957-жылы Орегон университетин бүтүргөн. Ал "Күкүктүн уясынан учуп баратып" (анг. One Flew Over the Cuckoo's Nest) чыгармасын Стэнфорд университетинде чыгармачыл жазуу боюнча жогорку билимин алып бүтөөрү менен 1960-жылы жаза баштаган; роман эки жылдан кийин басылып чыгаары менен эле заматта коммерциялык ийгиликке жетип, сынчылардын оң баасын алган. Андан кийин ал Калифорниядагы Ла Хондага жакын жерге көчүп барып, Стэнфорддогу өзүнүн мурдагы кесиптештери, ар кандай богемиялык жана адабий чөйрөдөгү инсандар жана Мерри Пранкстерс достор менен иш-чараларды алып бара баштаган; Кислота сынамалары деп таанылган кечелерде ЛСД пайдалануу мультимедиалык иш-чаралар менен коштолгон. Ал Grateful Dead тобуна (иш жүзүндө Кислота сынамаларынын "үй тобу") башынан эле жол көрсөтүп, топтун узакка созулган карьерасынын аягына чейин эбегейсиз чоң таасир тийгизип турган. Кизи романын көрүнүктүү чыгармасы деп эсептеген болсо да, "Кай бир учурдагы улуу ой-пикир" (анг. Sometimes a Great Notion) 1964-жылы жарык көрөөрү менен эле коммерциялык ийгилик жаратып, сынчылар менен окурмандарды эки жаатка бөлүп койгон. Бул чыгармада Орегондогу токойчулар үй-бүлөсүндөгү өзгөрүүлөр баяндалат. Ал Уилям Фолкнердин заманбап улуу Йокнапатофа уламышынын жаралышына өбөлгө түзгөн.

1965-жылы марихуана алып жүргөнү жана жасалма түрдө өзүн-өзү өлтүрүү үчүн камакка алынгандан кийин Кизи беш ай абакта жаткан. Ошондон көп өтпөй ал Уилламетт өрөөнүндөгү үйүнө кайтып барып, Орегондогу Плезант Хиллде отурукташкан. Ал жерде өмүрүнүн аягына чейин обочолонуп, үй-бүлөсү менен жашаган. Орегон университетинде сабак бергенден тышкары ал туруктуу түрдө фанатастикага салым кошуп, Esquire, Rolling Stone, Oui, Running жана The Whole Earth Catalog сыяктуу басылмаларга репортаждарды чыгарып турган. Бул жазмалардын ар кандай кайталоолору "Кизинин гараж сатып түгөтүүлөрү" (анг. Kesey's Garage Sale, 1973) жана "Шайтан кутусу" (анг. Demon Box, 1986) чыгармаларында жыйнак болуп чыккан.

1974-жылдан 1980-жылга чейин Кизи кичинекей Spit in the Ocean журналынын алты санын чыгарып, бүтпөй калган романынан ("Уиттиер чоң эненин жети тилеги" (анг. Seven Prayers by Grandma Whittier) романында Кизи чоң энесинин Альцгеймер илдети менен күрөшүн баяндаган) үзүндүлөр жана Марго Ст. Жэймс, Кейт Миллет, Стүарт Брэнд, Саул-Пол Сираг, Жек Сарфатти, Пол Красснер жана Уилям Сүард Берроуз сыяктуу агартуучулардын салымдары жарык көрүп турган. Үчүнчү романы ("Деңизчинин ыры", анг. Sailor Song) 1992-жылы жарык көрүп, сынчылардын көңүлкош ой-пикирин алгандан кийин ал Мерри Пранкстерс менен кайра бириккен. Ден соолугунун начарлашы (анын ичинде шал оорусу) анын иш-аракеттерин басаңдатканга чейин Кизи интернет аркылуу эмгектерин чыгарып турган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]