Коңуздар
Коңуздар, катуу канаттуулар (лат. Coleoptera) – толук кубулма курт-кумурска түркүмү.
1-жуп канаты катуу чоң канатка айланып, 2-жуп учкуч канатын, көкүрөгүнүн үстүнкү жумшак бетин жана курсагын коргоп турат. Алдынкы бөлүгү (башы, көкүрөгү) арткы бөлүгү менен кыймылдуу бириккен. Жашоо чөйрөсүнө жараша формасы жана түсү түрдүүчө. Көбүнчө ачык пигменттүү, металлдай жалтырак, демейде каралжын үңкүрдө же топуракта жашоочуларында пигменти жок, ачык сары түстө. Оозу кемирүүчү. Коңуздар айрым жыныстуу, жумуртка, кээде тирүү тууйт. Көпчүлүгүнүн өөрчүшү жумуртка, личинка, куурчакча жана имаго фазаларын өтөт. Башында сезүү, көрүү органдары жайгашкан. Көкүрөгүндө басуу, казуу же кармоо, секирүү, сүзүү кызматын аткаруучу буттары бар. Алар азыктануу мүнөзүнө жараша 3 топко бөлүнөт: фитофагдар, сапрофагдар (өсүмдүк, жаныбар калдыктарын, чириндилерин жечүлөр) жана жырткычтар. Алар азыгын түнкүсүн издейт. Душмандарынан коргонуу максатында тез жүгүрүү, секирүү, бат учуу, кыймылсыз катып калуу, жыт чыгаруу ж. б. чараларды көрөт. Тукуму үчүн кам көрүп, личинкаларынын өсүшүнө керек азыктарды чогултат. Коңуздардын көп түрдүүлүгү жердеги биоценоздо олуттуу роль ойнойт. Көп түрү кыртыш түзүлүшүн өзгөртөт, санитарлар, башка курт-кумурскалардын санын жөнгө салат жана өсүмдүктөрдү чаңдаштырат. Айрымдары талаа жана токой өсүмдүктөрүнө зыян келтирет, айыл чарба азыктарын бузат. Коңуздардын 3 түркүмчөсү, 140 тукуму, 30 миң түрү бардык кургактыкта (Антрактида, Арктиканын муз зонасы менен бийик тоолордон башка), көбүнчө тропикте кездешет. Көп түрүнүн саны азаюуда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9