Кувейт

Википедия дан

Кувейт же Кувейт мамлекети (Даулят аль-Кувейт) – Батыш Азиядагы өлкө. Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында жана Перс булуңундагы аралдарда (Бубиян, Маскан, Варба ж. б.) жайгашкан. Түндүгүнөн жана батышынан Ирак, түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешип, чыгышынан Перс булуңу менен чулганат (жээк сызыгынын узундугу 499 км).

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 17,8 миң км2. Калкы 2906,7 миң (2008). Борбору – Эль-Кувейт. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – кувейт динары. Административдик-аймактык жактан 6 губернаторлукка бөлүнөт.

Кувейт – Бириккен Улуттар Уюмунун (1963), ЭВФтин (1962), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1962), ОПЕКтин (1960), Араб өлкөлөрү лигасынын (1961), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык советинин (1981) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейт – унитардык мамлекет. Кувейттин Конституциясы 1962-ж. 11-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы — конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – эмир. Мыйзам чыгаруу бийлиги эмир менен Улуттук чогулушка, аткаруу бийлиги эмир менен Министрлер кеңешине таандык. Кувейт ас-Сабах тукумунун «мурасчыл эмираты». Мыйзам чыгаруучу органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 50 депутаттан, ошондой эле өкмөттүн 15 мүчөсүнөн турат, бийлик мөөнөтү 4 жыл. Эмир мураскор канзааданы, ошондой эле премьер-министрди жана анын көрсөтмөсү менен министрлерди дайындайт же кызматтан алат. Өкмөттү салт боюнча мураскор канзаада жетектеген, 2003-жылдан мураскор канзаада менен премьер-министрдин кызматтары бөлүнгөн. Кувейтте саясий партияларга тыюу салынган.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перс булуңунун жээги негизинен түзөң, Кувейт булуңу гана кургактыкка 40 кмге кирип турат. Кувейт булуңунда калк отурукташкан жалгыз арал – Файлака жайгашкан. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн чөлдүү түздүк ээлейт (бийиктиги 290 мге чейин, өлкөнүн эң бийик жери). Түндүгүндө таштуу чөлдөр үстөмдүк кылат, алар кургак терең нуктар – вадилер (Эль-Батин ж. б.) менен тилмеленген; борбордук жана түштүк бөлүктөрүн дюна рельефтүү кумдуу чөлдөр ээлейт. Кувейттин аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки Араб платформасынын түндүк-чыгыш чет-жакасында, Басра-Кувейт ойдуңунда жайгашкан. Негизги минералдык байлыгы – нефть, анын запасы боюнча дүйнөдө 7-орунду ээлейт (2008). Кувейттин бүт аймагы жана акваториясы Перс булуңу нефть-газ бассейнине кирет. Ири кендери – Чоң Бурган, Эр-Раудатайн, Сабрия ж. б. Ошондой эле табигый газ, цемент сырьёлору (акиташ тектери), сал туз кендери бар. Тропиктик чөл климаты өкүм сүрөт. Жылдык жаан-чачыны 75–150 мм, көбүнчө кышында нөшөр түрүндө Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) жаайт. Айрым жылдары 25 мм гана түшөт. Жылдын басымдуу бөлүгүндө ысык аптап кармалат (июлдун орточо температурасы 36–37ОС абсолюттук максимуму 52ОС); эң жагымдуу мезгил – кыш (декабрь – январдын орточо температурасы 12–14ОС). Чаңда түнкү температура 0ОСге чейин төмөндөйт. Майдан ноябрга чейин чейин кургак түндүк-батыш шамалдары (шимал) согуп, чаң жана кум бороондору менен коштолот. Кувейтте суу өтө тартыш, туруктуу аккан агын суусу жана көлү жок. Жер астындагы суулуу горизонттор бар, алар өлкөнүн түндүк бөлүгүндө тузсуз, түштүгүндө түрдүү деңгээлде минералдашкан. Суу менен камсыз болуунун негизги булагы – тузсуздандырылган деңиз суусу (жылына 231 млн м3 суу тузсуздандырылат). Кувейт тузсуздандыруучу курулмаларынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Түндүгүндө шагыл-таштуу, борбордукжана түштүк бөлүктөрүндө кумдуу чөл басымдуу; айрым боз топурактуу жерлеринде сейрек чөп жана бадал өсүмдүктөрү кездешет. Өлкөнүн Ирак менен чыр-чатагынан кийин айлана-чөйрөнү жана табигый чөл ландшафтты калыбына келтирүү жана коргоого алынган жаңы аймактарды уюштуруу боюнча иш-чаралар көрүлүүдө. Аларга стационардык Эс-Сулайбия илимий резерваты, Эз-Заур тумшугу улуттук паркы, 3 деңиз паркы ж. б. кирет.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейттин калкынын басымдуу бөлүгүн (71,2%ин) арабдар түзөт: 57,8%и кувейттиктер (анын 10%и бедуиндер), 3,8%и ирактыктар, 3,6% леванттыктар, 2,2%и египеттиктер, 1,9%и палестиналыктар, 0,9%и йемендиктер, 0,5%и оман арабдары, 0,5%и сириялыктар. Күрддөр 10,6%, перстер 4,6, армяндар 0,9%, түштүк азиялыктар 8%, филиппиндиктер 3,4%. Ошондой эле ассириялыктар, америкалыктар, француздар, кытайлар да жашайт. Мамлекеттик дини – сүннөт ислам дини. Кувейттин калкы 1961–2008-жылдары 9 эсе өскөн; анын себеби – төрөлүүнүн көптүгү (1000 адамга 21,9 бала), өлүм-житим 2,4 адам, сырттан жумушчу күчү көп келет (сырткы миграциянын сальдосу 1000 тургунга 16,4 адам; 2008). Калктын курактык структурасында эмгекке жарамдуулар (15–64 жаштагылар) басымдуу – 70,6%, 15 жашка чейинки балдар 26,5%, 65 жаштан ашкандар 2,9%. Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 77,6 жыл (эркектердики 76,4, аялдардыкы 78,7 жыл). 100 аялга 153 эркек туура келет. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 163,3 адам туура келет (2008). Өлкөнүн чыгышында жыш (1 км2 жерге орто эсеп менен 6,4 адам) отурукташкан. Шаар калкы 96%тей. Ири шаарлары (2008): Жалиб-эш-Шуюх (калкы 177,9 миң), Сабах-эс-Салим (141,7 миң), Эс-Салимия (134,5 миң), Эль-Курайн (131,1 миң).

Экономикалык активдүү калкы 2,1 млн (анын 80%и чет өлкөлүк жумушчулар).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Файлака аралынан табылган шаар калдыктары, грек храмдарынын жана устаканаларынын эски урандылары ж. б. Кувейттин азыркы аймагы б. з. ч. 3 миң жылдыктан Дильмун мамлекетинин курамына киргендигин айгинелейт. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында Кувейт Вавилонияга, 8-кылымдын ортосунда Жаңы Ассирия державасына, 626-ж. кайрадан Вавилонияга баш ийген. Б. з. ч. 539-ж. Перс, б. з. ч. 4-кылымдын аягынан Селевкиддер, кийин араб мамлекети Харакенанын курамына кирген. Б. з. 7-кылымынан Халифат бийлигине караган. Кувейт аймагын 1258-ж. моңгол аскерлери, 15-кылымдын аягына чейин жергиликтүү араб урууларынын шейхтери башкарган. 16-кылымда Кувейт аймагы Осмон империясынын, 17-кылымдын 2-жарымында Бану Халид эмиратынын курамына кирген. 1756-ж. шейх Сабах ибн Жабер ас-Сабах (1752–62) Кувейт аймагында жашаган бардык урууларды бириктирип, Кувейт эмиратын түзгөн (1937-ж. чейин Кувейт башкаруучулары шейх деп аталган). Сабахтар династиясы Кувейтти Индия менен Батыштын ортосундагы соода борборуна айлантып, өлкөнүн абалын жакшырткан.

Тышкы саясатын ийкемдүү жүргүзүп, осмон башкаруучулары Басра жана Саудиддер менен тынчтыкты колдогон. 1793-ж. Эль-Кувейт шаарында Британиянын Ост-Инд компания (ОИК) факториясы негизделип, 1798–99-жылдары вахабиттердин кол салуусунан Кувейтти коргоп калган. 1899-ж. Улуу Британия шейх Мубаракты жашыруун келишимге кол коюуга мажбурлаган. Натыйжада Кувейт өкмөтү Улуу Британиянын макулдугусуз башка мамлекеттер менен мамиле түзүүдөн четтелген. 20-кылымдын башында Кувейтте өнөр-жай өндүрүшү пайда болгон. 1910-ж. Кувейтте табылган нефтиге ээ болуу үчүн Улуу Британия менен АКШнын ортосунда атаандаштык башталып, 1913-ж. Улуу Британия нефть чалгындоо жана иштеп чыгарууга укук алган. 1914-ж. ноябрда Улуу Британия менен Кувейттин ортосунда жаңы келишимге кол коюлуп, Кувейт британиялык протекторатка айланган. 1917–22-жылдары аймактык маселелер боюнча Саудиддер менен кагылышуулар болуп, 1920-ж. Эль-Жахранын алдындагы салгылашта Кувейт жеңилген. 1920-ж. апрелден 1921-жылдын октябрына чейин өлкөнү саудиддер армиясы оккупациялаган. 1922-ж. ноябрь-декабрдагы Укайр конференциясынын негизинде Кувейттин бир бөлүгү Саудиддерге берилип, кувейт-сауд чек ара зонасы (1942-жылдан бейтарап зона) түзүлгөн. 1927-ж. Кувейтте «Kuwait Oil Co» компаниясы түзүлүп, нефть казуу иштерин жүргүзүүдө англичандар менен америкалыктар тең укукка ээ болушкан. 1929–33-жылдары дүйнөлүк экономикалык кризиске байланыштуу Кувейттин экономикалык абалынын начарлашы кувейттиктер кыймылынын өсүшүнө алып келген. Египет революциясы (1952) жана Суэц кризисине (1956) байланыштуу Кувейтте британиялык өкмөткө каршы нааразычылыктар күч алган. 1961-ж. 19-июнда Кувейт көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланган. 1961-ж. 20-июлда Кувейт араб мамлекеттеринин лигасына мүчө болгон. 1962-ж. 16-ноябрда Кувейттин жаңы Конституциясы кабыл алынып, эмирге кеңири укуктар берилген. 1963-ж. 23-январда Кувейтте алгачкы парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Улуттук чогулуш түзүлгөн. 1968-ж. Араб өлкөлөрүнүн (Сауд Арабиясы жана Ливия) уюму – нефть өнөктөштөр бирикмеси негизделген. 1975-ж. Кувейт өкмөтү чет өлкөлүк нефть компанияларынын таасирин чектөө чараларын көрүп, «Kuwait Oil Co» компаниясынын мүлктөрүн мамлекеттештирген. 1976-ж. өлкөдө саясий кырдаал курчуган. Эмир Сабах III аль-Салем ас-Сабах атайын жарлыгы менен Улуттук чогулушту таркаткан. Өлкөдө массалык толкундоолор башталып, ислам экстремисттик уюмдардын иш-аракеттери күчөгөн. Элдик толкундоолордон чочулаган Кувейт бийлиги парламентти кайра калыбына келтирүү үчүн чечим кабыл алган. 1981-ж. Улуттук чогулушка шайлоо өткөрүлгөн, бирок өлкөдө туруктуу абал түзүлгөн эмес. 1990-жылдары кайрадан Ирак менен Кувейттин мамилелери курчуп, Ирак аскерлери Кувейтти оккупациялаган. 1991-ж. 28-февралда «Чөлдөгү бороон» операциясы учурунда Иракка каршы коалициялык күчтөр Кувейтти бошоткон. 1990-жылдары Кувейт АКШ, Улуу Британия, Франция, Россия ж. б. мамлекеттер менен аскердик кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1992-ж. Улуттук чогулуш кайрадан ишин уланткан. Кувейт бийлиги финансы иштерин кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгөнөр-жай б. көңүл бурушкан. 2003-ж. Иракта С. Хусейндин режимин кулатууда Кувейт АКШ жана анын союздаштарын колдоп, өз аймагына Иракка каршы коалициялык күчтөрдү жайгаштырган. 2006-ж. Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах эмирликке шайланып, көптөгөн өлкөлөр менен диплатиялык мамилелерди түзгөн.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасынын негизин нефть өнөр-жай түзөт. 21-кылымдын башталышынан нефть өндүрүү жана ажыратуу Ички дүң продукция (ИДП) наркынын 50%ке жакынын, түшкөн валютанын 90%тен ашыгын, мамлекеттик бюжет кирешесинин 95%ин камсыз кылат. Нефтини экспорттоодон түшкөн каражат экономиканы жаңылоого, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү ж. б. өнүктүрүүгө жумшалат. Мамлекеттик 2 резервдик фонд түзүлгөн: Келечектеги муундар фонду (жылдык чегерүү нефтиден түшкөн кирешенин 10%ин түзөт) жана Жалпы резервдик фонд; резервдик фонддордун жалпы наркы 209 млрд долларга бааланат. Кувейт – ири эл аралык донор, 1961-жылдан Кувейт араб өлкөлөрү экономикалык өнүгүү фондусу аркылуу араб өлкөлөрүнө (Египет, Сирия, Иордания ж. б.) экономикалык жардам берет. Өлкөнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттары – экономиканы диверсификациялоо, нефть секторуна жана мамлекеттик субсидияга күнкорлугун басаңдатуу (2000-жылдардын ортосунан мамлекеттик сектордун экономикадагы жетектөөчү ролу сакталууда), чет өлкөлүк инвестицияны тартуу, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын (нефть секторунан башкасын) ишке ашыруу. 2005-жылдан коммуналык сектордун ишканалары, порттор, май куюучу станциялар, телекоммуникация ишканалары менчиктештириле баштаган.

ИДПнин көлөмү 149,1 млрд доллар, аны киши башына бөлштүргөндө 57,4 миң доллардан туура келет (2008). ИДПнин реалдуу өсүүсү 8,5% (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,916 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 31-орунда). ИДПнин структурасында өнөр-жайынын үлүшү 52,4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 47,3%, а. чарбаныкы 0,3%, чет өлкөлүк инвестиция 19,7%. Өлкөнүн нефтисинин аныкталган запасы дүйнөлүк нефтинин 9%тен ашыгын түзөт. 2007-ж. суткасына 2,6 млн баррель нефть өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн нефтинин 90%тен ашыгы экспорттолот. Иштетилип жаткан негизги кендери өлкөнүн түндүгүндө (Эр-Раудатайн жана Сабрия кендери), батышында (Минакиш, Умм-Гудайр), түштүк-чыгышында (Чоң Бурган кендер тобу), мурдагы Бейтарап зонанын чегинде (Эль-Бахра), ошондой эле Перс булуңунун шельфинде жайгашкан. Табигый газ негизинен башка кендер менен кошо (2006-ж. 12,5 млрд м3) өндүрүлүп, толугу менен өлкө ичинде пайдаланылат. Энергетикасы өзүнүн углеводород сырьёсун пайдаланат. 44,75 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлүп, 39,5 млрд кВт.сы пайдаланылат (2006). Ири ЖЭСтери Эль-Кувейт, Эль-Ахмади, Эль-Фухайхил шаарында. Нефть ажыратуучу 3 ири заводу (жалпы кубаттуулугу суткасына 900 миң баррель нефть) иштейт; алар ЭльАхмади, Мина-Абд-Аллах, Мина-Шуайб шаарларында. Эш-Шуайбда ири нефть-химия комплекси иштейт. Металл иштетүүчү жана металлургия, тиричилик техникасын чыгаруучу, нефть жабдууларын ремонттоочу, кеме куруучу, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалары бар. Деңиз суусун тузсуздандыруучу 5 ишкана иштейт.

Айыл чарбага жарактуу жери чектелүү. Кувейт кризисинин учурунда (1990–91) айыл-чарба жеринин кыйла бөлүгү өрттөн жана нефть каптоодон өтө жапа чеккен. Азык-түлүктүн 80%тен ашыгын сырттан сатып алат. 21-кылымдын башында өлкөнүн жеринин 1%ке жакын аянты иштетилген; анын Эбөлүгү жаңы технологияны пайдаланып сугарылат. Негизинен жашылча жана курма пальмасы өстүрүлөт. Балык уулоо жана деңиз продуктуларын (негизинен креветка) кармоо өнүккөн. Экономикалык жактан активдүү өнүккөн сектору, башкы тармактары – мамлекеттик башкармалуу, банк-финансы иштери, чет элдик туризм, соода. Банк сектору Кувейт Борбордук банкынан (1969-ж. негизделген), 7 коммерциялык банктан (анын ичинде Кувейт Улуттук банкы, 1952-ж. негизделген, Перс булуңу аймагындагы алгачкы улуттук банк) жана ислам банкынан турат. Камсыздандыруу бизнесинде 37 коммерциялык банк иштейт; өлкөдөгү эң ири Кувейт фонд биржасы Перс булуңу өлкөлөрүндөгү Сауд фонд биржасынан кийинки 2-орунда. Чет өлкөлүк туризмден түшкөн киреше жылына 6 млрддан ашык АКШ долларын түзөт.

Автомобиль жолунун жалпы узундугу 5749 км. Кувейт автомобиль жолдору аркылуу Ирак (Басра) жана Сауд Арабиясы (Эр-Рияд, Даммам) менен байланышат. Деңиз соода флотунда 38 деңиз кемеси бар, анын 22си – нефть танкери. Башка өлкөлөрдүн (анын ичинде Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейндин) желеги менен 34 Кувейт соода кемеси сүзүп жүрөт. Негизги деңиз порттору: Мина-эль-Ахмади (өлкөнүн экспорттук негизги порту), Эш-Шуайба, Эш-Шувайх, Мина-Абд-Аллах, Эль-Кувейт. 7 аэропорту бар; эл аралык аэропорту Эль-Кувейт шаарында. Магистралдык куур транспортунун узундугу 866 км, анын 540 кми нефть кууру, 269 кми газ кууру 57 кми нефть продукту трубасы (2007). Сырткы соода товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 84,3 млрд доллар (2007); анын 63,7 млрд доллары экспортко, 20,6 млрд доллары импортко туура келет. Негизги экспорттук товарлары: нефть жана нефт продуктулары, ошондой эле аз өлчөмдө химия өнөр-жай продукциялары (негизинен семирткичтер). Экспорттук соода шериктери: Япония, Түштүк Корея, Кытай, Сингапур, АКШ, Нидерланд. Азык түлүк, өнөр-жай жана транспорт жабдуулары, автомобиль, курулуш материалдары, кийим ж. б. АКШ, Япония, Германия, Кытай, Сауд Арабиясы, Италия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Кореядан сатып алат. ==Маданияты== Билим берүүсү 4 жаштан 6 жашка чейин мектепке чейинки, милдеттүү 8 жылдык окутуу (4 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто мектеп) жана 4 жылдык толук орто билим берүүнү камтыйт. Толук эмес орто билимдин базасында атайын коллеждер иштейт. Эркек балдар жана кыздар бөлөк окутулат. Окутуу – акысыз (бала бакчадан Жогоку окуу жайларына чейин). 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 93,3%ти түзөт (2007). Жогорку билим берүүнү Кувейт университети (1966) жана мамлекеттик эмес Жогоку окуу жайлары (Кувейт-Маастрихт бизнес мектеби, 2003; Америка университети, 2004; ж. б.) ишке ашырат. Кувейт Улуттук китепканасы (1936) иштейт. Улуттук (1957), илимий педагогикалык (1972), ислам искусствосу (1983), Т. Ражаб атындагы (1980) ж. б. музейлери бар. Күн сайын чыгуучу 7 гезиттин бешөө («Аль-Анба», 1976; «Ал-Кабас», 1972; «Аль-Ватан», 1976 ж. б.) араб тилинде, экөө англис тилинде («The Arab Times», 1963; «The Kuwait Times», 1961) чыгат. Жума сайын «Ар-Раид» (1969), «Аль-Хадаф» (1961) ж. б. гезиттер жарык көрөт. Айына 105, жумасына 110 журнал чыгарылат. Радиоуктуруусу 1951-жылдан, телекөрсөтүүсү 1957жылдан иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейт элинин адабияты – жалпы араб мадтынын бир бөлүгү. Абдель Жалил ат-Табата – Кувейт адабиятынын баштоочусу жана агартуучу деп эсептелет. Анын классикалык араб адабиятынын негизинде жазылган ырлар жыйнагы 1882-ж. Индияда басылган. 1911-ж. уюшулган аль-Мубаракия мектеби мадтты кайра түзүүнү баштаган. Анын айрым бүтүрүүчүлөрү көрүнүктүү адабий ишмерлер жана агартуучулар болушкан: Абд аль-Азиз ар-Рашид («Кувейттин тарыхы», 1926), Халида ибн-Мухаммад аль-Фараджи («Мунира», 1929) ж. б. 1940-жылдары Халид Халяф («Тагдырдын кылдаттыгы», «Суу менен асман аралыгында» новеллалары, экөө тең 1947), Фахда ад-Дувейрлер («Болумуш», 1948, ж. б. аңгемелери) прозада ийгиликке жетишти. Улуу муундагы жазуучулардан Мухаммад аль-Фаиз («Моряктын эскерүүсү», 1961; «Бирюза шакек», 1984), Ахмад аль-Удван («Тамчы», 1996), Кувейттин гимнинин автору акын жана драматург Фаик Абдель Жалил («Абу Зейд – баатыр из кубар», 1974 ж. б.) белгилүү. 1960-жылдардын аягында Кувейт адабиятында прозага жаңы муундун өкүлдөрү Сулейман аш-Шат, Сулейман аль-Хулайф, Исмаил Фахд Исмаил, жазуучу-фантаст Абдель-ваххаб ас-Саид келишти, поэзия өнүгүүдө (Суад Мухаммад ас-Сабах ж. б.). Жазуучулар прозада жаратылышты жана бедуиндердин жашоосун мактоону заманбап араб коомундагы социалдык маселелерди талдоону, элдин жашоо мүнөзүндөгү өзгөрүүлөрдү тема кылып алышты.

Б. з. ч. 3 миң жылдыктан б. з. 17-кылымна чейин маданият очогу Файлака аралы болгон. Архитектурасында байыркы грек жана ахеменид элементтери айкалышкан эллин мезгилиндеги чептердин урандылары б. з. ч. миң жылдыктын ортосуна таандык байыркы курулмалар болуп саналат. Эль-Кусурдагы археологиялык казууда галереялары мененжана крест сыяктуу пландагы сыйынуу жайы бар эрте христиан чиркөөсүнүн урандылары (б. з. 5-кылымнын аягы – 6-кылымнын башы) ачылган. Эл-Куранияда 16–17-кылымдардагы чептин калдыгы табылган. 18–19-кылымдарда курулган шаар үйлөрүнүн эң эскилери – адатта ылайдан согулган, көбүнчө бир кабаттуу, бир нече ички короосу бар типтүү үйлөр (эс алуу жана эркектердин баарлашуу бөлмөлөрүнүн терезелери үйдүн көчөнү караган фасадында). Турак үйлөрдүн жасалгаларында түрк, иран, индия элдеринин архитектурасынын таасирлери байкалат. Файлак аралында салттуу турак жай кварталы сакталган. Кувейттеги биздин күнгө чейин сакталып келген эң эски мечиттер – Аль-Хамис (1772–73) жана Абд аль-Раззак (1797; экөө тең – Эль-Кувейтте). Эль-Жахрда (1895) Кызыл сепил сакталган. 1950-ж. экономиканын жогорулашы жаңы курулуштардын пайда болуусуна түрткү берди. Кувейтте чет элдик архитекторлор иштей баштайт. Эль-Кувейт үчүн модернизм стилинде функциялык зоналарга бөлүнгөн генералдык план сериясы (1952, «Monprio, Spensly and Macfarlen» бюросу; 1968, «C. Buchanan and Partners» ж. б.) иштелип чыккан. Ислам архитектурасы менен модернизм стили айкалышкан бараандуу курулуштар салынууда: аль-Сейф өкмөт дворецинин жаңы имаратында (1960–64) мусулман зодчийлигинин басымдуулугу байкалса, Эль-Кувейт муниципалитетинин имараты (1962, архитектор Салам Абдель Баки) заманбап батыш архитектурасынын негизинде курулган. 1970-жылдары бул тенденциялардын баары постмодернизмге биригет: мисалы, өкмөт имараттар комплекси жана аль-Сейф дворецинин жаңы канаты (1973–83, арх. Р. Пиетиля), Улуттук чогулуш имараты (1973–85, Й. Утзон), масштабдуу мамлекеттик мечит (1976–84, архитектор М. Макия) ж. б. Неомодернизм белгилери «Нефть секторунун» бийик имаратынан көрүнөт (1996–2005, архитектор А. Эриксон). Кувейтте профессионалдык сүрөт искусствосу 20-кылымдын ортосунан башталат. Алгачкы Кувейт сүрөтчүлөрүнүн бири – М. аль-Доссари реалисттик чыгармаларды жараткан. Ушул эле нукта 20-кылымда башка да живописчилер эмгектенишкен. Сюрреализмдин таасири скульптор С. Мухаммаддын чыгармачылыгында (20-кылымдын аягы — 21-кылымдын башы); экспрессионизм живописчи С. Аль Айюбинин чыгармачылыгында байкалат. Элдик кол өнөрчүлүк өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]