Ирактыктар

Википедия дан

Ирактыктар, ирактык арабдарИрактын негизги калкы. Иордания, Түркия, Кувейт жана Германияда да жашашат. Саны 24,8 млн киши (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Калктын көпчүлүгү ислам дининин шиит (62%), калгандары суннит (34%) багытын тутушат. 7-кда арабдар Ирактын аймагын басып алышып, жергиликтүү калктар (Кош-Өзөн аймагындагы байыркы мамлекеттердин жашоочуларынын тукумдары) менен ассимиляцияланган. Ирактыктар дыйканчылык, бакчачылык жана мал чарбачылык менен кесип кылышып, дубалы чийки кыштан согулуп, полу ылай менен шыбалган, чатыры жалпак, бир же эки бөлмөлүү үйлөрдө, айрым жерлерде камыш алачык сарифтерде, ал эми көчмөн малчылар жүндөн жасалган чатырларда жашашкан. Ирактыктар узун көйнөк (дишдаша), ак түстүү ыштан, жеңсиз, кенен кемсел (аба) кийишип, эркектер башына жоолук (яшмаг) оронуп, жүндөн эшилген атайын кармагыч-алкак (агалем) кийишкен. Аялдар асем кооздук буюмдарды тагынышып, жүзүн жаап жүрүшөт. Тамакашы негизинен арпа, буудай жана курма наны, ошондой эле күрүч, айран, жер-жемиштер. Майрам күндөрү эт азыктарын колдонушат. Суусундук катары чай, кофе, шербет, лимонад (хамуд), чалап пайдаланылат. Ирактыктар мусулман майрамдарын (орозо айт, курман айт), ошондой эле Республика күнү (14-июль), Эмгек күнү (1-май), Армия күнү (6-январь) жана башкалар майрамдарды майрамдашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]