Чай

Википедия дан
Чай (Camellia sinensis).
Чай (Япония).
Чай (2017).

Чай

1) өсүмдүктөрдүн чайлар тукумунун уруусу (айрым учурда камелиялар уруусуна киргизишет). Дайыма жашыл дарак (өстүрүлгөн түрү бадал). Эки түрү бар. Кытай чайына (лат. Camellia sinensis) кытай жана япон Чайлары кирет. Бийиктиги 3 -мге жетет. Түштүк-Чыгыш Азиянын тоолуу жерлеринде өсөт. Aссам Чай (Thea assamica) - бийиктиги 10-15 м дарак, Ассам токоюнда (Индия) кездешет. Буга ассам, лушаи, манипури Чайлары, ошондой эле кытай Чай менен ассам Чайдын гибриди - цейлон Чай кирет. Эки түрү тең Түштүк-Чыгыш Азиянын тоолуу райондорунда өстүрүлөт. Кытайда б. з. 4-кылымда, Японияда жана Кореяда 9-кылымдан, Индонезияда, Индияда жана Шри-Ланка а-рында 19-кылымдын 1-жарымынан өстүрүлө баштагая. Ошондой эле Африкада (Кения, Танзания) жана Түштүк Америкада (Аргентина, Перу), Иран, Түркия, бир аз Вьетнамда өстүрүлөт. Россияда алгачкы Чайды Никита ботаникалык багына Н. А. Гартвис тиккен (1814). КМШ өлкөлөрүндө Грузияда, Азербайжанда, Краснодар крайында плантациялары бар. Кытай Пуэр Чайы - калың шактуу бадал. Жалбырагы сүйрү, уз. 60-70 мм, жазылыгы 35-40 мм, үстүнкү бети кочкул, астынкы бети мала жашыл түстө. Тамыры жерге 2-3 м кирет. Гүлү ак, кызгылт, жыттуу, бирден же 2-4төн жалбырак колтугуна чыгат. Мөмөсү 15 уруктуу кутуча, бышканда жарылып кетет, уругу күрөң, 1000 уругунун салм. 1 кгдай. Чай нымдуу, жылуу жерлерде жакшы өсөт. Уругунан, чырпыгынан жана көчөтүнөн көбөйтүлөт. Чайплантациясына питомникте өстүрүлгөн 12 жылдык көчөтү отургузулат. Кайчылаш чаңдашат. Чай 100 жылдан ашык өсөт. Тропик өлкөлөрдө вегетация мезгили жыл бою созулат. Гектарынан 4000 кг Ч. жалбырагы жыйналат. Чай тилкелеринин арасы отолуп, топурактары жумшартылып, кошумча азыктандырылып турат. Негизги зыянкечтери: калкан сымал коңуздар, чай күбөсү, чай бити ж. б. Илдеттери: бактериялуу рак, күрөң жана боз темгил илдет, церкосепториоз.[1][2]

2) Чай өсүмдүгүнүн жалбырагы менен сабагынан алынуучу (солутуп, тоголоктоп, ферменттеп, кургатуу аркылуу) продукт. Өнөр жайда турдүү Чайлар чыгарылат. Алар мамили же чачылма Чай (Чай жалбырагы тоголоктолуп жасалат), кара жана көк Чай, ошондой эле такта Чай, кирпич Чай Даярдоо технологиясына карата көк Чай, сары Чай, кызыл Чайга бөлүнөт. Чайда кофеин, танин, теобромин, эфир майы, Р, С, Bj, В2 витаминдери болот. Чай суусунду кандырып, көрүүнү, нерв системасын, акыл-эс жөндөмүн жакшыртат, ошондой эле кан тамырды кеңейтип, бөйрөктүн иштешин оңойт. Чайдагы танин заты чиритүүчү бактериялардын таасирин басаңдатып, дизентерия, келте таякчаларын өлтүрөт. Чай жалбырагынын калдыгынан кофеин, витамин, дары жасалат. Уругунан алынган май косметикада, консерва өнөр жайыда, майлагыч май катары, самын жасоодо керектелет. Япония менен Кытайда Чай жалбырагы тамак-ашка татымал, Бирмада салат катары пайдаланылат. Тибетте сорпого салынат. Коюу демделген Чайды кан басымы жогору, уйкусу качкан, жүрегү оорулуу, аш казаны жара, невроздон жабыркагандарга ичүүгө болбойт.

Караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Өзгөчөлүктөрү жана чай Пуэр дарылык касиеттери
  2. Өлкөлөр - экспорттоочулар жана чай өндүрүүчүлөр