Кулон мыйзамы
Көрүнүш
Кулон мыйзамы — электр-статиканын кыймылсыз чекиттик эки электр зарядынын өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоочу негизги мыйзамы.
Вакуумда жайгашкан заряддалган эки чекиттик кыймылсыз нерселердин өз ара аракеттенүү күчү ― F, алардын заряддарынын модулдарынын көбөйтүндүсүнө түз пропорциялаш жана алардын арасындагы аралыктын квадратына тескери пропорциялаш F=kq q /r2, мында q , q2—заряддардын модулдары, r — заряддардын орны. Бул мыйзамды француз физиги Шарль Огюстеен де Кулон 1785-жылы атайын жасалган толгонмо таразанын жардамы менен далилдеген. Заряддардын өз ара аракеттенүү күчү Кулон күчү деп аталат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9