Кыргызстандын дары суулары

Википедия дан

Кыргызстандын дары суулары — Кыргыз жергесиндеги минералдык жана арашан суулар эзелтеден эле дарылык үчүн кеңири пайдаланылып келген. Ал эмес кээ бир булактарга эзелки эл ыйык катары сыйынып, кээ бир булактарга киринип, котур жана кулгуна оорусунан айыгыш үчүн кеңири пайдаланышкан. Суу атайын көөкөр идиштерге куюлуп, көз оорулуу кишиге көзүн жууш үчүн колдонулган. Кээ бир минералдык же арашан булактарга өзгөчө маани берилип, касиеттүү “мүрөк суу” – деген сыйкырлуу наам даберилген. Минералдык жана аршан суулардын санын эсепке алып, алардын сапатын, запасын жана жаратылышта пайда болуу закон ченемделүүктөрүн чечмелеп берүүдөө биздин геологдордун салымы зор. Гидрогеологдор минералдык жана кайнар булак суулар чыккан жерлерди суулардын түрлөрү жана сапаты боюнча ажыратып, алардын пайда болуу дооруна ылайык ар кандай геологияык жана экономикалык райондорго бөлүшөт. Негизинен жер астынан булак болуп чыккан минералдык жана арашан суулар төмөнкү алты топко бөлүнөт:

1. Кара-Балта жана Чүй сууларынын ортосуна жайгашкан минералдык жана арашан суулар: бул райондо, жайгашкан дарылык касиети бар минералдык жана арашан суулар эзелтеден эле кыргыз элине белгилүү болуп, ар кандай ооруларды дарылоо максатында пайдаланылып келген.
Ал дары суулардын аттары төмөнкүлөр: Ак-Суу (Жарташ), Ысык-Ата, Аламүдүн, Кара-Балта, Кызыл Суу, Желди Суу жана Шабыр.
Аталган минералдык жана арашан суулардын үчөө элибиздин саламаттыгын чыңаш үчүн кеңири пайдаланылып жатат.

2. Ысык-Көл аймагында жер астынан чыккан минералык жана арашан суулар:
Айтылуу Ысык-Көлүбүздүнаймагы жаратылышынан эле минералдык жана арашан сууларга бай экен.
Бул аймакта азыркы кезде 25тен ашык булактардын чыккан жери белгилүү.
Алардын көпчүлүгү Ысык-Көлдүн чыгыш тараында жайгашып, илгертеден эле кеңири пайдаланылып келген.
Ысык-Көл аймагында жайгашкан минералдык жана арашан суулар Улакол, Туура-Суу, Ара-Бел (Бурхан), Жети-Өгүз, Ак-Суу, Жуукучук, Бозучук, Чоң-Кызыл-Суу, Кереге-Таш, Алтын-Арашан, Үч-Кайнар, Күрмөнтү, Уй-Тал, Кутургу, Айтөр, Рыбачы, Жыргалаң өңдүү жерлерден чыгат.

3. Соң-Көл аймагындагы минералдык жана арашан суулар: бул райондо 14 жерден чыккан минералдык жана арашан суу кендери белгилүү.
Алар: Кара-Кече, Бешене-Сай, Чамынды, Үкөк, Ак-Терек, Киндик, Соң-Көл, Үгүт, Чет-Кууганды, Арал, Түгөлсай, Көкөмерен, Нарын, Актал. Аталган дары суулардын ичинен Кара-Кеченин суусу менен ички органдары ооруган адамдар дарыланып жүрүшөт.
Ал эми Үгүткө согуш мезгилинен мурда эле медициналык дарылоо пункту уюштурулуп, Нарын өрөөнүндө жашаган адамдар дарылыныш үчүн колдонулчу экен.
Бирок, азыркы убакта ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жайында дарылык үчүн пайдаланылат.

4. Борбордук Тянь-Шандагы минералдык жана арашан суулар: бул райондогу минералдык жана арашан суулар төмөнкүлөр: Байбиче, Кызыл-Белес, Шилбили, Чаавай, Сурташ, Күлүк, Каракол, Терек, Сөөк, Түз-Ашуу, Келүүбек, Аркар-Шору, Коңур-Дөбө, Кара-Кулжа, Пчан, Кара-Дөбө, Чатыр-Көл, Үсөлөк, Шор-Суу жана Бешбелчир-Арашан ичиш үчүн пайдаланылып жатат.

5. Фергана өрөөнүндөгү минералдык жана арашан суулар: Фергана өрөөнүн курчап турган аймакта минералдык жана арашан суулардын кени чыккан жерлер көп.
Алар: Жалал-Абад, Гүлчө, Уу-Саз, Кочкор-Ата, Кара-Шоро, Сузак, Шор Булак, Чангырташ, Көк-Таш, Майлы-Сай, Төө-Моюн, Эски Ноокат, Кызыл-Кайрагач, Ак-Таш, Кадамжай, Шуран, Яркутан, Чоң Кара, Риштан, Ак Сарай, Кайрагач, Тузлук, Таш-Рабат ж.б.
Аталган дары суулардын ичинен Жалал-Абаддагы минералдык жана арашан суулар эзелтеден эле ар кандай ооруларды дарылаш үчүн колдонулган.
Алардын негизинде өлкөбүздө белгилүү Жалал-Абад курорту иштеп жатат. Ал эми Майлы-Сайдагы, Риштандагы, Кара-Шородогу, Гүлчөдөгү дары суулар да кийинки жылдары эл муктаждыгына аздыр-көптүр пайдаланыла баштады.

6. Заралды – Кызыл-Суу минералдык жана арашан суулары: бул дары суулар Туркестан-Алай тоо кыркасынын түштүк аягында жайгашкан. Алар: Сүлүктү, Раут, Гаумыш, Арча-Башы, Жылуу-Суу, Кара-Кабак, Чоң Алай. Бул дары суулар азырынча алыскы тоо арасында болгондуктан, элдин керектөөсүнө кайнар булактар жай мезгилинде малчылар тарабынан ар кандай оорудан айыгыш үчүн анда-санда пайдаланылат.

Жогоруда айтылган минералдык жана аршан, башка дагы бир нече сейрек кездешкен дары суулар чыккан жерлер бар. Алардын негизгилери: Карасуу, Үч-Терек (Токтогул районунда жайгашкан), Кайнар (Үзөнгү кууш суусунун башатында) жана Сары Жаз (Сары-Жаз суусунун боюнда).
Булардын ичинен Сары Жаз арашан суусу кийинки 15-20 жылдан бери Сары Жаз калай кенинде эмгектенген геологдордун ден-соолугун жакшыртуу максатында пайдаланылып жатат.

Мына ошентип жогоруда келтиргендей биздин Кыргызстаныбыз минералдык жана арашан сууларга бай.

Кыргызстандын минералдык жана арашан сууларын изилдөөдө В.Вебер (1913-1917-ж.), Н. Прокопенко (1930-1933-ж.), А. Ромах (1953-1958-ж.), Н.Б. Данияров, А. Пащенко, Е. Неймышева, В. Матынчековдордун эмгектери чоң.
Алар Кыргызстандын минералдык жана арашан сууларын, алардагы болгон туздун аз же көп болушуна жараша, жылуулук температурасы боюнча, минералдык түрү боюнча ирээттеп, тактап бөлүштүрүшкөн.